1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

ИЙГИЛИКТҮҮ ИШТЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун кеңейтилген жыйыны 2026-жылдын 24-июнунда болуп өттү. Кеңейтилген жыйында 2025-2026-окуу жылындагы аткарылган окуу, окуу-методикалык, илимий жана тарбиялык иштер боюнча жылдык отчету угулду. Институттун директору, фил.и.к., доцент Калыбекова Зияда Садыковна өз сөзүндө окуу процесси ПИнин бекитилген академиялык календарынын негизинде жүргүзүлүп, пландаштырылган сааттардын аткарылышы, студенттердин окуу процессиндеги кыймылы, илимий иштер боюнча рейтинги, Scopus боюнча жарык көргөн макалалардын санына, кышкы жана жазгы сессиялардын жүрүшүнө, модуль жана экзамендердин анализине, калдык билим боюнча жыйынтыктарга, мониторингдин жыйынтыгына карата иш чараларга жана тарбиялык иштер боюнча аткарылган иштерге токтолду. Педагогикалык институттагы жыйынга окуу иштери боюнча проректор, т.и.к., доцент С.Ж.Куваков, ОБнын башкы адиси Ирисова Г.М, тест борборунун директору А.Ж.Жолонбаева жана институттун жамааты катышты. Педагогикалык институттун жамааты тарабынан суроолор, сунуштар, кийинки окуу жылы үчүн иш пландарга сунуштар билдирилди. Жыйынтыгында Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун 2025-2026-окуу жылынын окуу, окуу-методикалык, илимий жана тарбиялык иштеринин аткарылышы боюнча отчету “канааттандыраарлык” деп табылды.