1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

17

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда жылдык тарбия иштеринин жыйынтыгы угулуп, кафедралардын иш кагаздары текшерилди

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 19.05.2026 №141 буйругунун негизинде Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун 2025-2026-окуу жылындагы мамлекеттик тил, тарбиялык жана социалдык иштер боюнча жылдык отчет жана куратордук иш пландардын аткарылышы боюнча маалыматтар угулду. Институтта алдын-ала тарбиялык иштер боюнча ар бир кафедрада мониторинг жүргүзүлдү. Куратордук баалоо баракчасы боюнча ар бир куратор жылдык иш аракеттери боюнча маалыматтарды беришти. Иш чарага мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор А.Т.Маматумаров, мамлекеттик тил жана тил саясаты адиси Ү.Т.Кайкиева жана жаштар комитетинин адиси А.Усеновдор катышышты. Институттун окуу-тарбия иштер боюнча директордун орун басары С.Ч.Осмоналиева тарбиялык иштер боюнча жылдык отчет берди. Ал эми МММ кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман куратордук ишти пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча тиркемелер менен иштөөнүн ыкмаларын көрсөтүп берди. Жалпы институттун кураторлору өздөрүнүн суроо-жоопторун жана конкреттүү сунуштарын билдиришти.