1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

211

1

УЛУУГА УРМАТ 

Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин деканы ф.и.д., профессор Токоева Г.С. жана окутуучулар жамааты Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2024-жылдын 28-февралындагы №53-б “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык, жалгыз бой улгайган жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн Жалал -Абад шаарынын жашоочулары Морозова Венера Ситдиковнага жана Абсатарова Айтбүбүгө барып кабар алып келишти. Факультеттин окутуучулар жамааты окуу жайдын атынан карыларыбызга жакшы каалоо тилектерди айтып, азык-түлүк жана акчалай материалдык жардам көрсөтүштү. Ал эми карыяларыбыз окуу жайдын жетекчилигине, окутуучулар жамаатына ыраазычылыгын билдиришип, ак баталарын беришти.