1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

129

КЫРГЫЗ НАРКЫ - УЛУТТУН УЮТКУСУ

Кыргыздын Андерсени аталган Кыргыз эл жазуучусу, кыргыз педагогикасында өз орду бар, улуттук Алиппенин автору Сулайман Рысбаевдин «Кыргыз наркы» китебинин бет ачарына арналган «Кыргыз наркы - улуттун уюткусу» аталышындагы адабий кече уюштурулду. Бишкек шаарынан келген конок профессор С. Рысбаевди коштоп жүрүшкөн профессорлор: С.С. Сакиева, К.Б. Калчакеев, п.и.к, доцент К.М. Ураимов, п.и.к., доцент С.Ажыкулов, А.М. Термечикова, п.и.к., доцент С. Осмоналиевалар баштаган делегацияны ЖАМУнун ректору, тех.и.д., профессор К.Ж. Усенов кабыл алып, бетме-бет жолугушууда илимий байланыштар кызматташтыгы жаатында кеңири пикир алмашылды. Автор өз колу менен кол тамгасын калтырып, ректорго али сыясы кургай элек, жаңы гана басмадан чыккан “Кыргыз наркы” китебин белекке берди. Ректор да ЖАМУнун 100 жылдыкка карата тарыхын жана жетишкендиктерин чагылдырган эмгекти эстелик катары конокко тапшырды. Кечени улуу устаттын шакирттери уюштуруп, ал жогорку деңгээлде өттү. Сөзгө чыгышкан ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Г.С.Токоева, мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор А.Т.Маматумаровдор залкар жазуучунун аталган эмгегинин учурда актуалдуулугу жогору экендигин баса белгилеп кетишти.

Кыргыз элинин келечеги, башкача айтканда биздин келечегибиз болгон эми гана өсүп келе жаткан жеткинчектердин эртеңки тарбиясы, улуттук нарк-насили, ата-бабабыздан келе жаткан үрп-адаттарыбызды улуттук менталитетке ылайык нарктардын сериясын бизге тартуулагандыгы чоң табылга, чоң жетишкендик. Автордун аталган эмгеги тууралуу ЖАМУнун  окумуштуулары профессор С.С. Сакиева, К.Б. Калчакеев, п.и.к., доцент М.Ж. Найманбаевдер ой бөлүштү. Сулайман Казыбаевичтин жердеши, ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н. Жолдошалиева автордун чыгармасынын кереметтүү күчү жана касиети жөнүндө токтолуп келип: “Автор биздин арабызга өз билимин же насаатын айтайын деп эмес, биздин кийинки келечекти ойготкону келди” - деп, элди эртеңки келечек үчүн сергек жашоого чакырды.

Программага ылайык, омоктуу ойлор жана санжыргалуу учкул сөздөр каалоо тилектер менен айкалышып, автордун обондуу чыгармалары жаңырып, көркөм тексттер окулду. Айрыкча  автордун “Доктур эже жакшы экен” балдар үчүн музыкалык чыгармасын шаарыбыздагы №5 орто мектептин окуучуларынын абдан чеберчилик менен аткарышкандыгы иш-чарага шаң берди. “Бакыт гүлү” деген ырын доцент Ураимов К.М. аны алгач ирет аткарып жатса да кулакка жагымдуу жана жөнөкөй жазылгандыгын байкоого болот. “Кыргыз наркы” китеби жөнүндөгү доценттер А.М.Термечикова, С. Ажыкуловдордун визуалдык тааныштыруусу абдан чыгармачылык менен иштелгендиги байкалды. Кеченин жүрүшүндө С. Рысбаевдин шакирттери п.и.к., доцент Ж. Тажибаева, изденүүчүлөр Г.К. Темирбаева, Г.О. Токтоматова, Ш.Э. Жусупбаевалар ар кандай мазмундагы суроолорду уюштурушту. Суроо жооптор кызыктуу болуп, ага суроолордун мазмундуулугу, кызыктуулугуна карата автор тарабынан кол тамгасы менен китеп белектер берилди. Кыргыз наркы - улуттун уюткусу экендигине дагы бир ирет толук ынындык десек болот.