1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

149

“КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ЖОЛДО…”

Ушундай ураан менен чыккан биздин топ Базар-Коргон райшаарларына караштуу орто билим берүүчү уюм, мекемелерде болуп кайтышты. Мындай иш сапар буга чейин да болгон. Алдын ала пландаштырылган проферентациялоо ишинин бул жолкусунда Базар-Коргон районуна караштуу №25 К. Артыкалиев атындагы, №14 «1-май», №12 Капарбек атындагы, №11 М.Алыкулов атындагы билим уяларына барышып 2025-2026-окуу жылындагы 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү менен жакындан ангемелешип, биздин Б. Осмонов атындагы ЖАМУ жөнүндө кеңири маалыматтарды берип, алардын адис тандоодогу зор мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндап беришти. Анда айтылгандай ЖАМУ-бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген, түштүктөгү эң престиждүү илимий потенциалы жогору ЖОЖ экендигин жана аны тандоо эң туура чечим боло тургандыгын баса белгилешип, окуу жайдын сайты берилип, атайын роликтер жана таркатма материалдар аркылуу да тастыктап беришти. Окуучулар, мугалимдер жана айрым мектептердеги окуучулардын ата-энелери тарабынан берилген ар кандай суроолорго канааттандыраарлык жоопторду алышты. Иш сапарына чыгышкандар Тарых кафедрасынын улук окутуучусу Ж. Рысбаева, Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти, п.и.к. К.М. Ураимов, Табигый илимий билим берүү кафедрасынын улук окутуучусу К.Артыкбаева, Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын окутуучусу - Э.Корошов, Физика жана информатика кафедрасынын окутуучусу Санжарбек кызы Канайым, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эркинбек кызы Жумакан ар бир адистик боюнча кенири маалыматтарды берип кетишти. Жолугушуу өтө кызуу суроо-жооптор менен коштолду. Угармандар тиешелүү суроолруна так жоопторду ала алышты. Иш сапар өз максатына жетип, ЖАМУнун профессордук- окутуучулар курамы, келечек ээлиринин келечекке карай жолуна бир аз да болсо жарык нурун чачтык деген ойдо окуу жайга кайтышты. Ак жол, сага бүтүрүүчү! Силер үчүн ЖАМУбуздун эшиги дайыма ачык! Биз силерди күтөбүз! ЖАМУ-бардык мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы!