1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

69

Э.УМЕТОВ АТЫНДАГЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТТУН ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮШТҮ

2026-жылдын 23-апрелинде "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун окутуучуларынан түзүлгөн жумушчу топ Көк-Жаңгак шаарындагы жалпы орто билим берүү мекемелеринде кесипке багыт берүү иштерин жүргүздү. Жумушчу топ төмөнкү окутуучулардын курамынан түзүлдү: Болатова А.С., Темирбаева Г.К., Мадиева Д.Т., Ташматов Т.С., Ниязбек уулу И., жана Эрматали уулу Б. Алар Көк-Жаңгак шаарындагы №3 Т.Сатылганов, №2 А.С.Макаренко, №4 Ю.Гагарин, №6 М.Ломоносов жана №1 М.В.Фрунзе атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен жолугушуп, "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси тууралуу кеңири маалымат беришти. Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда даярдалган адистиктер, анын ичинде химия, биология, география, тарых, математика, физика, информатика, педагогика жана дене тарбия багыттарындагы адистиктер боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар бүтүрүүчүлөрдүн жана мугалимдердин суроолоруна жооп берип, кесип тандоого багытталган кеңештерди беришти. Кесипке багыттоо иш-чарасы окуучулардын келечектеги кесибин туура тандоосуна өбөлгө түзүү максатында өткөрүлдү.