1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

Кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлдү 

Институттун 17.04.2026-жылдагы №14 тескемесине ылайык, 22.04.2026-жылы Базар-Коргон районундагы жалпы билим берүүчү мектептерде кесиптик багыт берүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага институттун профессордук-окутуучулук курамынан Эгембердиева А.Д., Торгулова Р.А., Маткаримова М.Ш., Маатазимова Г.Э., Авазов Э.А. катышты. Алардын ичинде Математика жана математиканы окутуунун методикасы кафедрасынан Маткаримова Минавар Шарабидиновна да катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо туура багыт берүү максатында институттагы адистиктер, окуу шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле окуучулардын суроолоруна жооптор сунушталып, аларга келечектеги кесип тандоодо пайдалуу кеңештер айтылды. Натыйжада окуучулардын кесиптерге болгон кызыгуусу жогорулап, иш-чара уюшкандыкта өткөрүлдү.