1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

79

Профориентация – келечек кесибин туура тандоонун негизи

Профориентация (кесипке багыт берүү) — бул окуучуларга өзүнүн кызыгуусуна, жөндөмүнө жана коомдун муктаждыгына ылайык кесип тандоого жардам берүүчү маанилүү педагогикалык процесс. Ал мектеп окуучуларынын келечектеги кесиптик жолун аң-сезимдүү тандашына шарт түзөт. Бүгүнкү күндө эмгек рыногу тез өзгөрүп, жаңы адистиктер пайда болуп жаткандыктан, профориентациянын ролу өзгөчө мааниге ээ болууда. Окуучуларга ар кандай кесиптер тууралуу маалымат берүү, алардын артыкчылыктарын жана талаптарын түшүндүрүү — туура чечим кабыл алууга өбөлгө болот. 2026-жылдын 22-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий билим берүү өндүрүштүк комплексине караштуу Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамы Сузак районуна караштуу бир катар жалпы билим берүүчү мектептерде профориентациялык иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүп келишти. Бул иш-чара университет менен мектептердин ортосундагы байланышты чыңдоо, ошондой эле жаштарды кесипке багыттоо максатында уюштурулду. Профориентациялык жолугушуулар бүтүрүүчүлөрдүн келечек пландарын тактоого жана туура адистик тандоого көмөк көрсөтүүгө багытталды. Иш-чаранын негизги максаты — мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жай тууралуу кеңири маалымат берүү, кесип тандоодо туура багыт көрсөтүү жана университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу болду. Ошондой эле студенттерди заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистик тандоого шыктандыруу да негизги милдеттердин бири болуп саналат. Профориентациялык иш-чарага төмөнкү профессордук-окутуучулар катышты: Осмонова Нургул, Керимбекова Анара, Халматов Кудрет, Шишкараева Ажар, Сыдыкова Бактыгүл жана Абдурахимов Низамидин. Алар окуучуларга жогорку билим берүүнүн артыкчылыктары жана университетте окутулган багыттар тууралуу кеңири маалымат беришти. Аталган адистер Сузак районундагы төмөнкү мектептерге барышты: • №25 А. Тажибаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби • №33 Р. Исманалиев атындагы мектеп • Ж. Бөкөнбаев атындагы мектеп комплекси • Т. Арзыкулов атындагы мектеп • №9 И. В. Мичурин атындагы мектеп Иш сапар учурунда мектеп директорлору жана администрация өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууларда билим берүү сапатын жогорулатуу, бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларга тапшыруусун жандандыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар келечекте кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты. Мындан тышкары, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү менен жандуу жана кызыктуу маек уюштурулду. Окуучулар жогорку окуу жайга тапшыруу тартиби, окуу мөөнөтү, контракттык негиздеги окутуу, стипендиялар жана жатакана шарттары тууралуу көптөгөн суроолорду беришти. Аларга ар бир суроо боюнча толук жана түшүнүктүү жооптор берилди. Мектеп администрациясы келген конокторду жылуу тосуп алып, иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө шарт түзүштү. Мисалы, №33 Р. Исманалиев атындагы мектептин директору Кадырова Гүлзара Бекташовна, ал эми №25 А. Тажибаев атындагы мектептин директору Жолдошева Атыргүл Пазылдиновна болуп, иш-чарага активдүү катышышты. Алар мындай иш-чаралар окуучулардын кесип тандоосуна чоң жардам берерин белгилешти. Ошондой эле мектеп мугалимдери да бул иш-чараны колдоп, окуучулардын суроолоруна жооп алууга көмөктөштү. Профориентация учурунда университет тууралуу маалыматтык буклеттер таратылып, окуу жайдын факультеттери, адистиктери жана кабыл алуу шарттары кеңири тааныштырылды. Ошондой эле университеттин расмий сайты жана байланыш маалыматтары да окуучуларга сунушталды. Бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги кесип тандоосуна чоң салым кошуп, жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттырды. Мындай профориентациялык иштер мындан ары да улантылары белгиленди.