1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика институтунун окутуучулары кесипке багыттоо иштерин жүргүзүштү

2026-жылдын 21-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика институтунун окутуучуларынан түзүлгөн жумушчу топ Сузак районундагы жалпы орто билим берүү мекемелеринде кесипке багыттоо иштерин жүргүздү. Жумушчу топтун курамында п.и.к., доцент Арстанбекова Н.Б., т.и.к., доцент Анарбаева Г. п.и.к., доцент Ураимхалилова А., п.и.к., доцент Тажибаева Ж., улук окутуучулар Мурзалиев К., А. Бакировдор болушту. Алар Сузак районундагы №90 Манас, №3 Чаңгыр-Таш, №19 А. Абдукаимов, №20 Маткаримов жана №18 А. Караев атындагы орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен жолугушуп, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тууралуу кеңири маалымат беришти. Э.Уметов атындагы педагогика институтунда даярдалган адистиктер, анын ичинде химия, биология, география, тарых, математика, физика, информатика, педагогика жана дене тарбия багыттарындагы адистиктер боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар бүтүрүүчүлөрдүн жана мугалимдердин суроолоруна жооп берип, кесип тандоого багытталган кеңештерди беришти. Кесипке багыттоо иш-чарасы окуучулардын келечектеги кесибин туура тандоосуна өбөлгө түзүү максатында өткөрүлдү.