1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

21

Предметтик олимпиада – студенттердин билим деңгээлин баалоо аянтчасы

2026-жылдын 8-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде университеттик деңгээлде предметтик олимпиада ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, илимий потенциалын өнүктүрүү жана мыктыларды аныктоо максатында уюштурулду.      Олимпиадага университеттин ар түрдүү факультеттеринен жана институттарынан студенттер активдүү катышышты. Айрыкча, Э. Уметов атындагы педагогикалык институттун студенттери жогорку деңгээлде даярдыгын көрсөтүп, активдүүлүгү менен айырмаланышты.      Жыйынтыгында, күчтүүлөрдүн күчтүүлөрү тандалып, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар өздөрүнүн терең билимин, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачыл жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Мындай иш-чаралар студенттерди илимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөт.