1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

35

Жаз майрамдары уланууда...

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда жаз майрамдарын утурлап Нооруз майрамы да кызуу майрамдалды. Институттагы Жаштар комитети тарабынан иш-чара уюштурулуп, кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук оюндары студенттер менен аткарылды. Келечектеги урпактардын аң-сезиминде Нооруз – бул жөн гана майрам болуп калбастан, ал ата-бабалардан калган баалуулуктарды урматтоону, салт-санааны сактоону жана келечекке жоопкерчилик менен мамиле кылууну үйрөткөн маанилүү учур экендиги айтылды. Бул күнү улууларды сыйлап, кичүүлөргө кам көрүү, жаратылышка аяр мамиле кылуу сыяктуу сапаттарды өнүктүрүү зарыл экендигин иш чаранын жүрүшү чагылдырып турду.