1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

1-ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун 2025-2026-окуу жылынын биринчи жарым жылындагы аткарылган иштер боюнча отчеттук жыйын болуп өттү. Жыйынга педагогикалык институттун профессордук-окутуучулук курамы катышты. Жыйында күн тартибиндеги маселе менен Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун директору ф.и.к., доцент З.С.Калыбекова институттагы окуу-усулдук иштери, илимий-изилдөө иштери, тарбиялык жана коомдук иштери, модулдардын жыйынтыгы, материалдык-техникалык база боюнча маалымат берди. Институттагы негизги жетишкендиктери боюнча маалымат берилип, студенттердин билим сапатын баалоодогу көрсөткүчтөргө токтолду. Окутуучулар тарабынан өтүлгөн ачык сабактардын “эң мыкты” деп табылган сабактарды белгиледи. Илимий-изилдөө иштери боюнча кафедралардын рейтинги менен тааныштырды. Эл аралык илимий конференцияларга активдүү катышып келе жаткан окумуштууларды белгилеп өттү. Ал эми студенттер үчүн илимий ийримдердин ишин мындан да жандандыруу керектигин белгиледи. Окуу аудиториялары жаңы панелдик доскалар менен жабдылып, окуу процессинде студенттер үчүн шарттар жакшыргандыгын айтып өттү. Жыйындын жүрүшүндө жамаат окуу-тарбия процессинин жүрүшү боюнча суроолорун жана сунуштарын билдиришти. Жыйынтыгында 2025-2026-окуу жылынын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы институттун өнүгүү стратегиясына шайкеш келээри белгиленип, аткарылган иштер добушка коюлуп “канааттандыраарлык” деп табылы.