“ЖАШТАР ЭНЕРГИЯСЫ: СПОРТ БИРИМДИККЕ ЖАНА ДОСТУККА ЧАКЫРАТ” АТАЛЫШЫНДА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук нарк жөнүндө жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө», 2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаларын жана ЖАМУнун 2026-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда "Жаштар энергиясы: спорт биримдикке жана достукка чакырат" аталышында студенттер арасында өткөрүлгөн ден соолукту чыңдоо жана достукту бекемдөө максатындагы иш-чара 2025-жылдын 16-20-октябрында болуп өттү. Спорттук “Волейбол”, “Тогуз коргоол”, “Аркан тартыш” түрү боюнча алкагында кыздар жана балдар арасында мелдеш уюштурулду. Жыйынтыгында: “Волейбол” боюнча 1-орунду – ТИББ багыты 2-орунду – математика профили 3-орунду - педагогика “Тогуз коргоол” боюнча 1-орунду Тарых профилинин 3 курсунун Т-1-23 тайпасынын студенти Кудайназаров Бекназар 2-орунду – ТИББ багытынын Б-1-24 тайпасынын студенткасы Низамидинова Камола 3-орунду – Тарых профилинин Т-1-25 тайпасынын студенти Календеров Барсбек ээ лдеи “Аркан тартыш” боюнча 1-орунду Педагоигка багытынын студенттери 2-орунду – математика профили 3-орунду – ТИББ багыты ээледи Жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болгон командалар дипломдор менен сыйланышты. Бул иш-чара студенттер арасында ынтымактын жана достуктун чыңдалышына өбөлгө түздү.