"Азыркы учурдагы билим берүү мекемелеринин негизги көйгөйлөрү"

2025-жылдын 18-апрелинде Жалал-Абад шаарында Б. Осмонова атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин биринчи деканы, ф-м.и.к., профессор Уметов Эгемберди Уметовичтин элесине арналган "Азыркы учурдагы билим берүү мекемелеринин негизги көйгөйлөрү"аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын ишине Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары, жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле чет өлкөлөрдөн окумуштуулар катышып, 7 секцияда 152 илимий баяндамалар окулду.
Пленардык отурумда философия илимдеринин доктору, ЖАМУнун профессору Г.С. Токоева, НМУнун доценти, п.и.к.-Б.М. Биймурсаева, п.и.к., ЖАМУнун доценти - Б.М. Турдубаева, АнМУнун доценти, б.и.к.-Хакимов Абдулхаким, филол.и.д., ЖАМУнун профессору А.М. Эшиевдердин профессор Э. Уметовдун илимий ишмердүүлүгү жана кыргыз билим берүүсүндөгү орду, учурдагы билим берүү багытындагы ар түрдүү илимий-теориялык жана практикалык маселелер, алардын практикалык-колдонмо мааниси, азыркы мезгилдеги жасалма интеллекттин орду жана багыты, колдонулушу сыяктуу маселелерге арналган илимий баяндамалары угулду.
Конференциянын катышуучулары чет өлкөлөрдөгү жана Кыргызстандагы билим берүүнүн педагогикалык маселелери; билим берүүнүн түрдүу баскычтарында ар кыл предметтерди окутуунун жаңы инновациялык жана интерактивдүу технологиялары, формалары, ык-машыгуулары менен каражаттары; мектептердин, кесиптик жана жогорку окуу жайларынын окуучуларынын, студенттеринин, магистранттарынын компетенцияларын, ой жүгүртүүсүн, түрдүү жөңдөмдөрүн өнүктүрүү жана жакшыртуу маселелери; азыркы коммуникативдик-маалыматтык жана жасалма интеллект технологияларынын доорунда жаштарга таалим-тарбия берүүнүн аспектилери; ошондой эле илимдин түрдүу багыттарынын актуалдуу илимий-теориялык жана колдонмо маселелери боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштоо менен, тиешелүү багыттарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти, конструктивдүү сунуш-пикирлерин айтышты.
Пленардык жана секциялык иштерде угулган баяндамалардын, айтылган ой-пикирлердин негизинде, конференцияда төмөнкүдөй жыйынтыктар – резолюция кабыл алынды:
1. Профессор Э. Уметовдун жаркын элесине арналып өткөрүлүп жаткан бул иш-чара мындан ары да өркүндөтүлүп “Уметовдук окуулар” деген аталышта Кыргызстандын ЖОЖдору тарабынан туруктуу негизде жана мезгилдүү түрдө өткөрүлүп туруучу илимий-практикалык иш-чарага айлантыруу жагы белгиленсин;
2. Окуу жайларда айрыкча педагогикалык багыттарда профилдерде, адистиктерде профессор Э. Уметовдун илимий-теориялык жана методикалык-практикалык көз караштары менен идеяларынын жыйынтыктарын андан ары тереңдетип улантууга негизделген методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана чыгаруу, илимий иштерин жүргүзүүнү колго алуу сунушталсын;
3. Конференцияда жасалган баяндамалардагы олуттуу практикалык жана колдонмо мааниге ээ болгон жыйынтыктар, көз караштар менен идеяларды тиешелүү билим берүү уюмдарына, түрдүу багыттагы кесиптик тармактарга жайылтуу жагы колго алынсын;
4. Өз мезгилиндеги көрүнүктүү окумуштуу, профессор Э.Уметовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында, педагогика, билим берүү, тарбия жана окутуунун методикасы жаатында илимий изилдөөлөрдөгү, практикалык иш-аракеттердеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн Э. Уметов атындагы жылына бир жолу берилүүчү сыйлык уюштуруу жагы сунушталсын.