Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде окуу-усулдук иштердин бир айлыгы жарыланды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде 2024-2025-окуу жылында окуу-усулдук жана илимий иштерди жакшыртуу жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу максатында 2025-жылдын апрель айын “Окуу-усулдук иштердеги традиция менен инновацияны өнүктүрүү айы” деп жарыяланды. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыктарын аткаруу жана Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2026-жылга чейинки стратегиялык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга арналган.
Окуу-усулдук иштерди өнүктүрүүнүн жана алдынкы тажрыйбаны жайылтуунун атайын иш-планы иштелип чыгып, факультеттин деканы – философия илимдеринин доктору, профессор Токоева Гулдана Самидиновна тарабынан бекитилип аны иш жүзүнө ашыруу колго алынды. Иш-чараны 2025-жылдын 1-апрель күнү “Башкаруунун автоматташтырылган системалары” кафедрасынын окутуучусу Нарматова Нургуль ачык сабак өтүү менен баштады.
Факультеттин жалпы профессордук-окутуучулук курамына жана жамаатына окуу-усулдук иштердеги салттуу баалуулуктарды жана инновациялык иштерди жайылтууда ийгиликтерди каалайбыз!