“Унгужолу” ЖАМУда талкууланды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик универстетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.К.Жапаровдун "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгын ишке ашыруу максатында факультеттин деканы, философия илимдеринин доктору, профессор Гулдана Самидиновна Токоева факультетте билим алып жаткан студенттерге жана окутуучуларга лекция окуду. Г.С.Токоева өзүнүн докладында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу максатын көздөгөн уңгү жолу экендигин айтты.
"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу биздин өлкөдөгү бардык адамдардын жүрүм-турумун жана ой жүгүртүүсүн аныктоочу, ынанымдардын, адеп-ахлактык баалуулуктардын калыптандыруучу идеологиялык негиз боло алат. Жаштарда улуттук сыймыкты, мекенчилдикти, жоопкерчиликти калыптандыруучу жана өнүктүрүүчү туруктуу, институтташтырылган жүрүм-турумдун калыптанышына жана ийгиликтүү өнүгүшүнө жол ача турган уңгужол экендигин белгиленди.
Аталган жарлыкты талкуулоого окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, алар өз өлкөсүн, үй-бүлөсүн, жакын досторун кадырлай алган, мамлекеттин экономикалык өсүшүнө салымын кошкон, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчиликтүү болгон жаштардын жаңы муунун калыптандыруучу нускама экендигин айтышты.