Илим метрикадагы жаңы талаптар

2025-жылдын 4-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда “Илим метрикадагы жаңы талаптар боюнча илимий макала жазуунун тартиби, авторлорду ORCID, GOOGLE SCHOLAR, eLIBRARY.RU каттоо” темасы боюнча семинар- тренинг болуп өттү. Семинар-тренингди Илим бөлүмүнүн башчысы, э.и.к., доценттин милдетин аткаруучу А.М. Жороева уюштуруп, илим жаатындагы жаңылыктар, окуу жайыбыздын илимий потенциалын жогорулатуунун жолдору, ORCID, GOOGLE SCHOLAR, eLIBRARY.RUларга катталуу, жаш изилдөөчүлөргө макала жазуудагы жаңы талаптар тууралуу маалыматтарды берди. Профессордук-окутуучулук курамдын суроолоруна жооп берүү менен, практика жүзүндө ORCID, GOOGLE SCHOLAR, eLIBRARY.RU менен иштөөнү, тиешелүү макалаларды таап пайдаланууну үйрөтө алды. Катышуучулар Илим бөлүмүнүн башчысы Айнура Маматовнага ыраазычылыгын билдиришти жана мындай иш чаралар уюштурулуп турулушун сунушташты.