Scopus базасы менен комплекстүү иш алып баруу боюнча семинар-тренинг болуп өттү

2025-жылдын 21-февралында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда "Scopus базасы менен комплекстүү иш алып баруу" аталыштагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренингди ЖАМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору, доцент С.Ж. Куваков алып барды. Бул иш-чара эл аралык Scopus маалымат базасынын инструменттерин колдонууга, ошондой эле тиешелүү макалаларды издөө жана талдоо жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө багытталды.
Семинардын катышуучулары журналдарды жана макалаларды издөө боюнча жеке тапшырмаларды аткаруу менен, Scopus маалымат базасы менен иштөөнү үйрөнө алышты. Семинарда Scopus боюнча билимдерин кеңейтүүгө жана алган көндүмдөрүн иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк берди. Факультеттин профессордук-окутуучулар курамына натыйжалуу басылма стратегиялары боюнча сунуштар берилди жана h-индексти жогорулатуунун ыкмалары менен таанышышты.