1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

78

1

БИЛИМ КЕНЧИ - МУГАЛИМ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты факультетте билим алып жаткан студенттер менен биргеликте 2024-жылдын 4-октябрь күнү “Билим кенчи - мугалим” аталышындагы маданий-тарбиялык иш чара өткөрүлдү. Иш чараны Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы, философия илимдеринин доктору, профессор Гулдана Самидиновна Токоева, факультеттин жаштар комитети жана педагогика, псхология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, педагогика багытынын студенттери уюштуруп факультеттин жалпы жамаатын куттукташты. Студенттер тарабынан даярдалган маданий иш чарага факультетте эмгектеп жаткан жалпы кызматкерлер катышты.

Урматтуу мугалимдер! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин келечеги кенен болуп, өнүгүү жолунда зор ийгиликтерге жетише берсин!