КЫЗ-ЖИГИТ ОЮНУ "САРМЕРДЕН"
“Кыргыз ССРинин мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара Кыргыз Автоном облусунун 100 жылдыгына карата Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде 2024-жылдын 23-сентябрында “Кыргыз тилим - улуу тил!” аталышындагы Сармерден кыз-жигиттер айтышы Тарых кафедрасынын студент кыздары жана Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын студент балдары тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.
Факультеттин деканы ф.и.д.,профессор Г.С.Токоева, тарых кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г.А.Анарбаевалар куттуктоо сөзүн айтып, иш-чараны ачып берди.
Көөнөргүс салттардын бири болгон кыз-жигиттердин айтышы эзелки салтты жандандырып, жалындаган таланттуу студенттер “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып ачышып, ыр-күүлөрдү аткарып, чимириле бий бийлеп, комузда кол ойнотуп, жанылмач айтып көрүүчүлөрдүн жарпын жазышты.
Жыйынтыгында, калыстардын чечими менен “достук жеңди” аталып, эки тараптын тең чыгуусу менен аяктады жана факультет тарабынан дипломдор, баалуу сыйлыктар берилди.