1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

143

1

Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө Б.Осмонов атындагы ЖАМУ өз салымын кошот

2024-жылдын 7-май күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы, философия илимдеринин доктору, профессор Гулдана Самидиновна Токоева Базар-Коргон районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин отурумуна катышты. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын иштеп чыгуу боюнча талкуу болуп, Г.С.Токоева социалдык багыттагы жумушчу топтун жетекчиси катары бекитилди.

Координациялык кеңештин 2024-жылдагы отурумдарынын мөөнөтү жана иштөө тартиби бекитилди. Acted кайрымдуулук уюму пилоттук багытта Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү боюнча биргелешип иш алып барууда. Келечекте Базар-Коргон району социалдык-экономикалык жактан өнүккөн аймак болооруна ишенебиз.