ЖАМУ, Конфуций институту:
HSK сертификатына ээ болуу – чексиз мүмкүнчүлүк
Урматтуу студенттер!
HSK экзамени жана анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берели.
HSK — бул кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган эл аралык стандартташтырылган кытай тили сынагы. Анын жыйынтыктары дүйнө жүзү боюнча таанылат жана башка чет тилдер сыяктуу эл аралык сынактарга жооп берген расмий документ катары кызмат кылат.
HSK сертификатына ээ болуу сиз үчүн көптөгөн маанилүү жолдорду ачат.
HSK 3тү тапшыруу менен, сиз Кытайда алты айга созулган окуу программасына тапшыра аласыз. Бул программа ай сайын 400 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет.
HSK 4тү деңгээли Кытайда бир жылдык окуу программасы үчүн жеткиликтүү болот, ай сайын 400 АКШ доллары стипендиясын төлөп берет. Төртүнчү деңгээл менен андан ары бакалавриат программаларына кирүүгө болот.
HSK 5 деңгээл магистратурага окууга мүмкүнчүлүк ачат.
HSK жыйынтыгы менен Конфуций институтунун стипендиясын алуу үчүн сынакка катышууга болот HSK сертификатына ээ болуу сиздин талапкерлигиңизди кароо үчүн милдеттүү шарт болуп саналат. Жыл сайын декабрь айында биз эң алдыңкы студенттерди тандап, аларга институттун стипендиясын ыйгарабыз.
HSK 2 деңгээли менен Кытайдагы жайкы лагерь программасына катышууга болот. Деңгээл канчалык жогору болсо, орун алуу мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот.
HSK сертификаты менен жумуш тапса, жакшы жумуштарга орношсо болот. Чет өлкөдө окууга тапшырганда тил билүүңүздүн расмий далили болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөрдө мындай экзамендин баасы кыйла жогору, бирок Кыргызстанда студенттер үчүн аны тапшырууга абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Ошондуктан, биз сизге HSK экзамендерине активдүү даярданууну сунуштайбыз. Ал сиз үчүн жаңы жолдорду жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат!