1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту

Конфуций институту

Мавлюда Рысбаевна

Филология илимдеринин кандидаты, доцент, КРнын билим берүүсүнүн отличниги, КРнын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, Конфуций институтунун директору

Каттоодон өтүү:

26.10.2023

Акыркы кириш:

8 месяцев назад

Фу

Конфуций институтунун Кытай тараптан директору, профессор

Телефон:

Каттоодон өтүү:

26.10.2023

Акыркы кириш:

1 месяц назад

ЖАМУНУН АЛДЫНДАГЫ КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ ЖӨНҮНДӨ

  • ЖАМУнун алдындагы Конфуций институту 2016-жылдын 26-декабрында ачылган.
  • Конфуций институту ЖАМУнун структуралык бөлүмү болуп эсептелет.
  • Институт ар түрдүү багыттагы (котормо, туризм, бизнес, финансы ж.б.) ишмердүүлүк үчүн кытай тилин жана маданиятын үйрөтүүчү программаларды ишке ашырат жана аны үйрөтүү үчүн атайын каражаттар, материалдык жабдуулар менен камсыз кылат;
  • Институт өз ишмердүүлүгүн КРнын Мыйзамына, КРнын Жарандык кодексине, КРнын «Коммерциялык эмес уюмдар» Мыйзамына, КРнын «Билим берүү» Мыйзамына, ЖАМУнун Уставына, КРнын нормативдик актыларына, Эл аралык келишимдерге жана ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун Уставына ылайык иш алып барат;
  • Институт өнүккөн Кытай мамлекетин ар тараптан таануу, кытай тилин, маданиятын үйрөнүүнү каалаган КРнын жаштарынын, мектеп окуучуларынын, студенттердин, жаш адистердин муктаждыгын канааттандыруу жана эки мамлекеттин - КР менен КЭРдин ынтымак-достугун, ар тараптуу кызматташуусун бекемдөө максатында ачылган.

Институттун окуу процесси

  • - ар кандай усул, ык, жолдор жана мультимедиа, интернет-сабактар аркылуу коомчулуктун каалоочу түрдүү катмарларына кытай тилин жана маданиятын үйрөтүү;
  • кытай тилин үйрөтүү үчүн керектүү маалымат материалдарды жана каражаттарды камсыз кылуу;
  • кытай тилин үйрөнүү деңгээлин аныктоочу сынактарды уюштуруу;
  • түрдүү багыттар боюнча ийкемдүү кытай тили курстарын уюштуруу;
  • КРдагы Конфуций институтунун практикалык ишмердүүлүгү үчүн КЭРден кытай тили боюнча окуу материалдарды, окуу пособиелерин алып келүү жана пайдалануу;
  • окутуучуларды кытай тили боюнча илимий иштерди жүргүзүүгө жана конкурстарга катышууга сунуштоо;
  • тилдик жана маданий тажрыйба алмашууларды, окутуучулардын жана тил үйрөнуүчүлөрдун тажрыйба алмашууларын уюштуруу;
  • институттагы окуу процессин кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде жүргүзүү.

Институттун окуу пунктуларынын ишмердүүлүгү

  • ЖАМУнун алдындагы Конфуций институту Устав боюнча кытай тилин үйрөтүүчү окуу пунктуларын уюштурат. Буга чейин институттун төмөндөгү кытай тили окуу пунктуларында кытай тили окутулуп келди:
  • Жалал-Абад шаары, Билимкана;
  • Жалал-Абад шаары, “Нур” колледжи;
  • Жалал-Абад шаары, УШГ “Нур-Билим ордосу”:
  • Жалал-Абад шаары, А.Калышев атындагы №11 орто мектеп;
  • Жалал-Абад шаары, Т.Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназия;
  • Сузак район, Октябрская а., Мичурин орто мектеп;
  • Сузак району, №85 “Ынтымак” атынд. жалпы орто билим берүү мекемеси;
  • Чаткал району, СОШ имени Т.Жаналиева:
  • Көк-Жаңгак шаары, Ю.Гагарин атындагы №4 орто мектеп;
  • Көк-Жаңгак шаары, М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектеп;
  • Көк-Жаңгак шаары, М.В.Фрунзе атындагы №1орто мектеп;
  • ЖАМУ, ФФ-Лингвистика;
  • ЖАМУ, ЖАК;
  • ЖАМУ, ПК:
  • ЖАМУ, ЧТК;
  • ЖАМУ,ЭУК;
  • ЖАМУ, МДФ:
  • Базар-Коргон району, Б.Осмонов атындагы №6 мектеп-гимназия;
  • Базар-Коргон району, О.Атабекова атынд. №30 инновациялык гимназия;
  • ЖАЭАУ (МНУ)
  • Конфуций институтунда максаттуу тайпалар (экономика, юридика, медицина, педагогика, филология, ПОВТАС ж.б.);
  • Конфуций институтунда HSK тайпалар (HSK1, HSK2, HSK3, HSK4, HSK5, HSK6).

Институттун эл аралык ишмердүүлүгү

  • институт КРнын Мыйзамдарынын, ЖАМУнун Уставынын, ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун Уставынын жана эл аралык тиешелүү келишимдердин жетекчилигинде эл аралык кызматташтыкты жүргүзөт:
  • кызматкерлердин жана тил үйрөнүүчүлөрдүн тажрыйба алмашуулары үчүн эки жана көп тараптуу программаларга катыша алат;
  • чет өлкөлүк жарандарды да окутат;
  • институттун тил үйрөнүүчүлөрүн чет өлкөгө окууга жана стажировкаларга жиберет;
  • институттун окутуучуларын чет өлкөлөргө кызматташууга жана саякатка жиберет;
  • биргеликтеги илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт, конгресс, симпозиум, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрөт;
  • эл аралык уюмдардын иш-чараларына катышат.

Институттун коомдук, маданий-массалык иш-чаралары

Конфуций институту аз аралыктын ичинде бир нече ийгиликтерге жетишти:

  • Республикалык “Тилдер фестивалы - 2017де” кытай тили боюнча 1-орунду, республикалык “Тил көпүрөсү – 2018” сынагында 2-орунду, БГУда өткөрүлгөн “Тил көпүрөсү - 2017” конкурсунда ”Мыкты речь” номинациясын утуп алдык жана ушул күнгө чейин бир канча алдыңкы орундарга, номинацияларга ээ болуп келе жатабыз.
  • 2022-жылы аймактык олимпиадада 1-2-3-орундарды, дүйнөлүк «Chinesebridge2002» конкурсунда 1-2-орундарды ээлеп келе жатат.
  • Интернет жылдызы-2022” дүйнөлук интернет конкурсунда 1-орунду ээледик;
  • Кыска видео” HSK дүйнөлүк конкурсунда бир нече жолу 1-2-3-орундарды утуп алдык.
  • Кыргызстандын Конфуций институттарынын арасында Бишкек гуманитардык университетинде өткөрүлгөн “Кытай ырлары – 2024” сынагында 2-орунду багындырдык.
  • 2024-25-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын «Кытай эл аралык билим берүү фонду» тарабынан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтуна Эл аралык «Медиа-инженерия багытында мыкты институт», «Мыкты уюштургуч институт» наамдары ыйгарылды. Бул сыйлык институттун соңку жылдардагы ишмердүүлүгүн баалаган, эл аралык, республикалык конкурстарда алган ордун даңктаган көрсөткүч болуп эсептелет. Институттун тил үйрөнүүчүлөрү «Кыска метраждуу тасма» IV эл аралык конкурсуна чоң даярдыкта катышып, бир нече жолу ийгиликке жетишишкен. Бир канча студенттер КЭРдин ЖОЖдорунда стажировкаларда болуп, активдүүлүгү, билими менен айырмаланышкан.
  • Конфуций институту Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Конфуций күнү”, “Кытай күндөрү”, “Кытай жумалыгы”, “Кыш чилдеси”, “Күрүч майрамы”, “Бүтүрүүчүлөр” “Кытай тил көпүрөсү”, “Кытайча ырлар” жана башка ушул сыяктуу бир топ иш-чараларды салтуу түрдө үзгүлтүксүз уюштуруп, университеттин жандуу турмушуна активдүү катышып, ЖАМУнун өнүгүп-өсүшүнө ар тараптан көмөк көрсөтүп, биргелешип иштөө менен кытай эли менен кыргыз элинин ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына өз салымын кошуп келет.

Алдыдагы милдеттер

  • Кытай тилин өнүктүрүү: Кытай тили курстарынын ишин күчөтүү, окуу программаларын иштеп чыгуу, метод, методологиялык курстарды, окуу куралдарын даярдоо, кытай тилин үйрөтүүгө эң ийкемдүү шарттарды түзүү ж.б.
  • ЖАМУда Синьцзян университети менен биргеликте Кытай-Кыргыз факультетин ачуу;
  • Кытай тилин үйрөтүү аркылуу, кытай тарыхын, маданиятын, өнүккөн экономикасын, медицинасын, технологиясын үйрөнүү. Аймак, адам, маданият таанытуучулук иш-чараларды тынымсыз уюштуруу;
  • Глобалдык интеграциялоо системасындагы кызматташтыкты бекемдөө;
  • Эл аралык академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, студенттерге чет өлкөлөрдөн билимин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
  • Заманбап материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окутуунун жаңы технологияларын жайылтуу;