КЫТАЙ КӨПҮРӨСҮ
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту «Кытай көпүрөсү» ички тандоо мелдешин ийгиликтүү өткөрдү.
Сынакка Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун жана кытай окуу пунктуларынын бир канча студенттери жана окуучулары катышты.
Мында студенттер конкурстун үч багыттагы – сүйлөө, сүрөткө карап баяндоо жана талантын көрсөтүү; башталгыч жана орто класстын окуучулары эки багыттагы – сүйлөө жана талантын көрсөтүү шарттарын аткарышты.
Конкурс калыстык жана ачыктык принциптерине ылайык өткөрүлдү. Тандалып алынган жыйынтыктар студенттердин кыргыз-кытай көпүрөсүнүн тандоо туруна катышуусу үчүн маанилүү негиз катары колдонулат.
Сүйлөө этабынын жүрүшүндө негизги, орто жана башталгыч класстын катышуучулары «дүйнөдө бир үй-бүлө», «кытай кыялына умтулуу» жана «бактылуу кытайлар» темаларында негизги баяндамаларын жасашты. Катышуучулардын даярдыгы жакшы, кээ бирлеринин кытай тилин билүү деңгээли идеалдуу болбосо да, алардын кытай тилине болгон сүйүүсү бардык катышуучуларга жакты. Таланттарын көрсөтүү учурунда кытай бийин бийлеп, кытайча ырдап жана кытай музыкалык аспаптарында ойношту. Керемет спектаклдер көрүүчүлөрдүн кол чабуусун жаратты. Сынактын атмосферасы жылуу жана жаштык энергияга толгон абалда болду.
Бардык этаптар аткарылгандан кийин жеңүүчүлөр тандалып алынды. Алар биздин институттун атынан Кыргызстандагы мелдештерге катышат. Катышуучулардын ичинен Апсаматова Акбермет: “Мага бул сынак абдан жакты. Менин кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуумду арттырды. Көбүрөөк окуп, изилденем деп өзүмө убада бердим”, - деп ой бөлүштү.
Жеңүүчүлөрдүн бири - башталгыч класстын окуучусунун апасы Жазел: «Кызым абдан жакшы окуйт. Ал кытай тилин үйрөнүүнү абдан жакшы көрөт. Мен анын ийгилиги үчүн кубанычтамын. Азыр менен аны менен кошо кытай тилин үйрөнө баштадым. Тилдерди үйрөнуп алса, келечегине жакшы», - деп кубанычын жашырган жок.
Иш-чаранын соңунда Конфуций институтунун кытай директору Фу Хунжун сөз сүйлөп, “Кытай көпүрөсү” конкурсу студенттердин кытай стилин көрсөтүү үчүн маанилүү аянтча, кытай тилин билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экендигин баса белгиледи. Ошол эле учурда, ал студенттерди жашоого жана окууга «Кытай көпүрөсүнө» мүнөздүү гармониянын, толеранттуулуктун жана баарлашуунун руханий маанисин алып келүүгө жана коомдун гармониялуу өнүгүшүнө биргелешип көмөктөшүүгө үндөдү. Жеңүүчү студенттерге сертификат түрүндө сыйлыктарды тапшырды.
«Кытай көпүрөсү» сынагы студенттерге кытай тилин үйрөнүүдөгү жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн, кытай тилине жана маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу үчүн, кытай тилин келечекте көпүрө катары колдоно алуусу үчүн өбөлгө болуп жатат.