1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

37

1

ЖАМУ, Конфуций институту: Кытай тили кыялдарды ишке ашырат, сахна жаштык менен гүлдөйт

Конфуций институтунун студенттери «Кытай тили көпүрөсү» сынагында мыкты өнөр көрсөтүштү.

Борбор калаада окуучулары үчүн өткөрүлгөн XIX Дүйнөлүк «Кытай тили көпүрөсү» кытай тили сынагынын Кыргызстандын аймагындагы финалы жана башталгыч мектеп окуучулары үчүн өткөрүлгөн VI Дүйнөлүк «Кытай тили көпүрөсү» кытай тили сынагы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Кытай тилин окутуунун жыйынтыктарын бекемдөө, студенттердин эл аралык көз карашын кеңейтүү жана алардын тилди практикалык колдонуу көндүмдөрүн жогорулатуу максатында Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Конфуций институту студенттердин сынакка катышуусун активдүү уюштурду. Ички тандоонун жыйынтыгында институт сынакка төрт студентти жөнөттү: орто окуу жайлар тобунда — Осмонова Нурзада жана Өзгөнбаева Мухлиса; башталгыч мектеп тобунда — Аскарбекова Алима жана Замирбекова Аделя.

Даярдык мезгилинде жана сынак учурунда биздин студенттер кылдат даярданып, бардык этаптарга активдүү катышып, сахнага ишенимдүү жана токтоо чыгышты. Алар кытай тилин үйрөнүүдөгү бекем жетишкендиктерин жана жаштарга мүнөздүү шыктанууну толук көрсөтө алышты. Төрт катышуучунун бардыгы сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү аяктап, “Таланттуу катышуучу”, “Активдүү катышуучу” наам-сыйлыктарга татыктуу болушту.

Бул сынакта эң башкысы — катышуу, ал эми эң чоң баалуулук — алынган тажрыйба. Кытай тилин байланыш каражаты катары колдонуу аркылуу студенттер кытай маданиятынын өзгөчө көркүн терең сезишип, оозеки сүйлөө жөндөмдөрүн жана сахнадагы ишенимдүүлүгүн натыйжалуу өркүндөтүштү, ошондой эле кытай тилин үйрөнүүгө болгон чоң кызыгуусун жана шыктануусун көрсөтүштү.

Мындан ары ЖАМУдагы Конфуций институту кытай тилин окутуу жана маданий алмашуу багытындагы иштерди мындан ары да тереңдетет. Студенттерди Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ар түрдүү таюрыйба алмашуу иш-чараларына активдүү катышууга үндөйт. Тилди эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук көпүрөсүн бекем куруунун байланыштыруу каражаты катары колдонуп, эки мамлекеттин маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө жана бекемдөөгө туруктуу көмөк көрсөтөт.