1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

ЖАМУ, Конфуций институту: Кытай ишканаларынын бош жумуш орундарынын жарманкеси 

ЖАМУнун Конфуций институту Кытай ишкерлери сунуштаган адистештирилген бош орундарга жарманкени  ийгиликтүү өткөрдү.

21-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү менен Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай ишканаларынын өз ара аракеттенишүүсү үчүн платформа түзүп, маданий алмашуудагы байланыштыруучу звено жана көпүрө ролун Конфуций институту толугу менен ишке ашырды.

 Жарманке Жалал-Абад мамлекеттик университетинини жаңы окуу корпусунун аянтчасында уюштурулуп, ага Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан 10дон ашуун алдыңкы кытай ишканалары катышты.

Бош орундардын жарманкеси Кытайдын жана Кыргызстандын мамлекеттик гимндеринин салтанаттуу аткарылышы менен расмий ачылды. ЖАМУнун ректору К.Ж.Усенов Конфуций институтунун студенттерди ишке орноштуруу платформасын түзүү жана алардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү практикалык аракеттерине жогору баа берди. Иш-чарага катышкан Кытай ишканаларынын өкүлдөрүн жылуу тосуп алып, чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Студенттерди ишканалардын өкүлдөрү менен активдүү баарлашууга, өз жөндөмүн тайманбай көрсөтүүгө жана кесиптик максаттарын ишке ашырууга умтулууга чакырды.

Кытай ишканаларынын өкүлү, Түштүк Кыргызстандын кытай ишканалары ассоциациясынын төрагасы Сюй Маохуа мырза Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтуна университеттер менен ишканалардын өз ара байланышы үчүн активдүү аянтча түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстандагы кытай ишканалары жергиликтүү жогорку квалификациялуу адистерди жумущка тартып, практикалык кызматташтыкты тереңдетип, жаштарды жумушка орноштурууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

 Бүтүрүүчүлөр ишканалардын өкүлдөрү менен жүзмө-жүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бош орундарга болгон талаптарды, эмгек акынын деңгээлин жана карьералык өсүү келечегин кеңири билишти. Адистиктерин жана пландарын эске алуу менен ишке орношуу багыттарын аныкташты.

ЖАМУнун колледжинин кытай-англис педагогикалык адистигинин студенти Эркинбаева Айбарчын жарманке аяктагандан кийин: "Мен алгач Кытайда билим алуу үчүн кытай тилин үйрөндүм. Эми билимимди улантуудан тышкары, жакындарымдан алыстабай, өз мекенимде кадыр-барктуу жумуш табууга мүмкүнчүлүк алдым – бул мен үчүн чоң мааниге ээ!»,-деген ою менен бөлүштү.

Бул адистештирилген бош орундар жарманке Конфуций институтунун жергиликтүү коомчулукту активдүү тейлөө жана кытай жана кыргыз университеттери менен ишканалардын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча дагы бир практикалык иш-чарасы болуп калды. Келечекте Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институту байланыштыруучу звено милдетин аткарууну улантат. Кызматташуу каналдарын тынымсыз кеңейтет жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы маданий, илимий-билимий, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошот.