1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

ЖАМУ, Конфуций институту: «Кыргыз-кытай достук багы»

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институту окуу жай менен Кытай темир жол курулушунун үчүнчү бюросунун ортосунда «Кыргыз-кытай достук багы» көчөт отургузуу иш-чарасын уюштурушту.

Кытай темир жол курулушунун үчүнчү бюросу тарабынан Жалал-Абад мамлекеттик университетине белекке берилген Кытай менен Кыргызстандын достугун символдогон декоративдик дарактардын көчөттөрүн отургузуу -  университетке жаңы жашылдык тартуулап гана тим болбостон, «жашыл өнүгүү, түбөлүк достук, өз ара пайдалуу кызматташтык» идеяларын иш жүзүндө даңазалоого багытталды.

Иш-чарага Манас шаарынын мэри - Маткаликов Абдупатта мырза, Кытай темир жол курулушунун үчүнчү бюросунун өкүлдөрү - Хан Хайвэй мырза, Хао Шуай мырза, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор Кеңешбек Жумабекович Усенов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой башкармалыгына караштуу Кара-Алма-Үрүмбаш токой чарбасынын өкүлү, Конфуций институтунун жетекчилери - Цзинь Янь жана Шакирова Мавлюда, институттун жетекчилери жана студенттер катышты. Алгачкы сөздү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Усенов сүйлөп, көп жылдар жашоо үчүн дарак эгүү кыргыздын салттарынан экенин, дарак отургузуу – келечекти ойлоо экендигин айтып өттү. Манас шаарынын мэри А.Маткаликов Манас шаарында кытай компаниялар менен буга чейин да кызматтушуулар болуп жатканын, жашыл зоналарды көбөйтүү, шаардын экосистемасын туруктуу түзүү иштери тынымсыз жүргүзулө берерине токтолду.

Өз сөзүндө Кытай темир жол курулушунун үчүнчү бюросунун долбоор жетекчиси Хан Хайвэй кыргызстандыктар менен биргеликте көчөт отургузуп жатканына, шаарды жашылдандырууга, жаратылышты сактоого, ЖАМУ менен кызматташып жаткандыгына кубангандыгын билдирип, бул багыттагы кызматташууну уланта берерин билдирди.

Ошентип, «Кыргыз-кытай достук багы» көчөт отургузуу иш-чарасы расмий түрдө жарыяланып, келген коноктор, окуу жайдын жамааты менен биргеликте жаш көчөттөрдү отургузуп башташты. Белгилей кете турган болсок, кытайлык ишкерлер ЖАМУга арча, эмен, “Павловния” дарагынын, “Тянь-Шань” карагайынын, ак кайыңдын бир канча көчөттөрүн, роза гүлүнүн түрлөрүн алып келишкен.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Кытай-Кыргыз достук багынын» эстелик тактасын ачуу аземи да өткөрүлдү. Доцент Р.Арапбаев баш болгон илимпоздордун “Акылдуу темир жол инновациялык борбору” аталышындагы долбоору презентацияланды.

 Ошентип, катышуучулардын жылуу баарлашуусу, биргеликте сүрөткө түшүүсү менен иш-чара жыйынтыкталды.