1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

11

ЖАМУ, Конфуций институту: Жаштар форуму Манас шаарында

2026-жылдын 9-апрелинде Жалал-Абад обладминистрациясынын аянтында "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу Манас шаарынын жаштар форуму ийгиликтүү өттү. Форумдун жүрүшүндө бир эле учурда катар-катар маанилүү ши-чаралар да өткөрүлдү. Бул маанилүү аянтча көптөгөн жаштар үчүн, кытайлык жана чет өлкөлүктөр үчүн да маданий алмашуулардын мүмкүнчүлүгү болуп, мында шаардагы ири - Жалал-Абад мамлекеттик университети жана эл аралык университет сыяктуу бир катар окуу жайлар катышкан тематикалык көргөзмө да уюштурулду. Мүнөздүү экспозициялар аркылуу катышуучулар өнүгүү жетишкендиктерин жана келечектеги билим берүү пландарын сунушташты.

Бул форумга ЖАМУнун алдындагы Конфуций институту да ага активдүү катышты. Кытай тилин үйрөнүү үчүн пропагандалоо баннерлерин көтөрүштү. Институттун окутуучулары менен практикант-студенттери аянтта Ханфу менен кооздолгон майрамдык костюмдарды кийип, кытайча буюмдарды көрсөтүү жана жеринде тактоо аркылуу ар кандай жарнамалык иш-чараларды өткөрүшүп, катышуучулар, келген коноктор менен тыгыз кызматташуу уюштурушту. Кытайдын жарашыктуу жана кооз салттуу кийимдеринин көрсөтүлүшү аянтты өзгөчө жана кооз пейзажга айландырды. Бул Кытайдын укмуштуудай салттуу маданиятынын уникалдуу кооздугун гана көрсөтпөстөн, катышуучуларга мультикультурализмдин жагымдуулугун сездирди. Конфуций институту үчүн жергиликтүү цивилизациялар менен аралашуу өз ара түшүнүүнү улантуучу чоң тажрыйба болду. Бул форумдун жана бир катар иш-чаралардын өткөрүлүшү жергиликтүү жаштарга тажрыйба алмашуу, билим алуу жана өз оюн билдирүү үчүн платформа гана болбостон, "Кыргызстандын алардын кыялында" өнүгүүсүнө, анын чындыгына ишеним арттырды. Конфуций институтунун катышуусу менен Кытай жана Кыргызстан жаштарынын маданий жана достук алмашуусуна өбөлгө түзүүгө салым кошулду.