1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

ЖАМУнун юбилейи: Конфуций жамаатына сыйлык тартууланды 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун эки окутуучусу жергиликтүү мекемелер тарабынансыйланды.

2026-жылдын 2-апрели Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юбилейине карата жергиликтүү билим берүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Конфуций институтунун эки чыгаан педагогдору сыйланды. Доцент Ли Шугуан Манас шаардык мэриясынын, окутуучу Чжао Мын университеттин Ардак грамотасын алышты. Салтанаттуу майрамда  университеттин ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович сөз сүйлөп, жамаатты куттуктап, алардын билим берүүдөгү жетишкендиктери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Окуу жайдын сыйлыгына ээ болгон окутуучулар Ли Шугуан жана Чжао Мын бир нече жылдан бери Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда кытай тилинен сабак берип келишет. Акыркы бир нече жыл ичинде эки окутуучу тең окутуу практикасын кылдат изилдеп, окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн талыкпай эмгектеништи жана студенттерди ар кандай маданий иш-чараларга активдүү катыштырышты.

Алар окуткан тил үйрөнүүчүлөр Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги, Кытай билим берүү боюнча Кытай эл аралык фонду, ОЖ, Тил интеграциялоо борбору, Синьцзян университети ж.б. уюштурган "Кытай тил көпүрөсү", "Кытай менин көз алдымда жана Кытай стилиндеги модернизациялоо", эл аралык "Жибек Жолунун көпүрөсү", “Кытай классиктери”, "Ырдоо жана кытай тилин үйрөнүү", "Синьцзян менин көзүм менен", "ЮД" чет өлкөлүктөрдүн сүрөт, ыр, бий жана кыска метраждуу видеороликтер сынагында алдыңкы орундарды ээлеп келе жатышат.  

Алар окуткан жаштар Кытайдын белгилүү университеттеринде окушат жана айрымдары Кытайда, Россияда жана Кытай менен байланышкан Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Кыргызстанда иштешет. Сыйлык ээлери - Ли Шугуан менен Чжао Мын бул сыйлыкты жеке сыймык гана эмес, Конфуций институту, жергиликтүү бийлик жана университет тарабынан талыкпаган эмгегинин баасы катары кабыл алышкандыгын айтышты. Окутуучулар мындан ары да Кытай-Кыргызстан жарандык коммуникацияларды жана кызматташууларды өнүктүрүүгө өз салымын кошуу үчүн, албетте, көбүрөөк жана жигердүү иштей тургандыктарын билдиришти