1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

ЖАМУ, Конфуций институту: Достук клубу – күчкө көңүл буруңүз!

Конфуций институтунун стол тенниси боюнча достук беттешүүсү ийгиликтүү аяктады.

Окутуучулардын жана кызматкерлердин өз алдынча маданий жашоосун байытуу, алардын дене тарбиясын чыңдоо жана ынтымак, достук жана позитивдүү жумушчу атмосферасын түзүү максатында март ай ичи Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институту "Достук клубу – күчкө көңүл буруңүз!" аталышында стол тенниси боюнча достук беттешүү өткөрдү. Мелдеш Конфуций институту тарабынан 2 чоң топтор – институттун кытай окутуучулары жана институттун жетекчилери, өнөктөштөрү арасында уюштурулуп, көндүмдөргө ээ болуу жана достукту жагымдуу атмосферада бекемдөө максатын көздөдү.

Биринчи турда ар бир топ бир нече күн өз ара беттешип, жеңип-тандалган оюнчулар финалда өзгөчө даярдыктар менен жолугушту. Оюн Конфуций институтунун стол тенниси залында болуп, катышкандар энергияга жана өзгөчө рухка толуп, аракет-чабуул, алдыга жана артка сокку жана тордун алдын кыя өткөн кичинекей топтор сыяктуу кызыктуу көрүнүштөр орун алды. Оюнчулардан күч жана ылдамдык, чеберчилик, чыдамдуулук сарпталды. Ар бир сонун натыйжа кол чабуулардын жана ырастоочу үндөрдүн бороон-чапкынын жаратты.

Финалдын эң көрүнүктүү окуяларынын бири – ЖАМУнун ректору Кеңешбек Жумабекович Усеновдун мыкты оюну болду. Убактысынын аздыгына карабай, мелдештин башкы каармандарынын бири катары катталып, токтоо, ритмди эркин башкарган, негизги учурларда өткүр чабуул менен так ыргытуу тактикасын колдонуп, туруктуу ойноп, атаандаштардын жана көрүүчүлөрдүн бир добуштан ыраазычылыгына ээ болду. Айрыкча, негизги матчтарда ал ар дайым мыкты психологиялык сапатты жана атаандаштыкка туруштук көрсөтүп, сапаттуу сокку уруп, көрүүчүлөрдүн көңүл чордонунда болуп, мелдештин финалында жеңишке жетүү жолун басып өттү.

Ийкемдүүлүк жана чыдамдуулук, назик иш-аракеттери менен чабуулга жана коргонууга өтүүлөрү табигый болуп, жакшы техникалык базасы жана оюн тажрыйбасы менен 2-орунду эки топтун айымдары - Конфуций институтунун кыргыз директору Мавлюда Шакирова жана окутуучу Гао Шуанин ээлешти. Агайлардан сабырдуулук менен теннис топчосун кырка жүгүрткөн, күрөшүүгө жана оюнда унчукпай кызматташууга батынган Ду Диньи да ийгиликке жетишти.

Мындан тышкары, Бие Линсин, Чжан Юньхао, Зульфия Исраиловна, Цзинь, Янь, Элмира Гайдаровна, Айнура Маматовна, Айжамал Шарабидиновна, Ли Шугуан, Жао Мын, Лин Сяо Лан мелдешке активдүү катышып, талыкпай эмгектеништи. Алар талаада бири-бирин колдоп, бири-бирин кубатташып, спорттук чеберчиликти түшүнүшүп, практикалык иш-аракеттерди колдонушуп, "катышуу - бул бакыт, талыкпаган эмгек сонун" принцибинде болушту.  Ошентип, үчүнчү орундуу сыйлыкка ээ болушту.

Катышкандар эркин кызматташып, оңой ойноп, бири-бири менен болгон түшүнүгүн жана достугун тереңдетип, теннис клубу менен дос болуу ниетин толук көрсөтүштү. Бардык беттешүү бекем достук маанайына толду: мелдеш талаасында катуу кагылышуулар болуп жатканына карабастан, бул өз ара урматтоо жана колдоо, тажрыйба алмашуу мүнөзүн камтыды. "Адегенде достук, андан кийин атаандаштык" түшүнүгү бүт процессти камтыды, бул болсо, иш-чаранын маңызын арттырды.

Оюндан кийин сыйлык тапшыруу аземинде бардык катышуучулар кереметтүү учурга - жылуу кол чабууларга, салтанаттуу коштоого, топтук сүрөткө түшүүгө, өзгөчө-оң эмоцияларга күбө болушту. Бул жеңүүчүлөрдүн эмгектерин тастыктоо гана эмес, аларга дем-күч, шык-шыпаат берүүүчү ирмемдер болуп калды.

Стол тенниси матчы - бул чеберчиликтин таймашы гана эмес, оң эмоцияларды бөлүшүү жана биригүү. Бул иш-чара Конфуций институтунун жамааты менен кызматташып жаткан тараптардын ортосундагы байланышты, достукту бекемдей алат. Келечекте Конфуций институту мындай мазмундагы спорттук иш-чараларды динамикалуу өткөрүүнү улантмакчы.