1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

19

Конфуций:"Кытай тил көпүрөсү " - кытай тилин билүү деңгээлин көрсөтүүчү аянтча

2026-жылдын 28-мартында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда мектеп окуучулары жана колледж студенттери үчүн "Кытай тил көпүрөсү-2026" сынагынын университеттин ичиндеги тандоо туру ийгиликтүү өттү. Алдын ала тандоодон кийин сынакка 16 студент чогулуп, тил үйрөнүүдөгү жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Сынак башталаар алдында Конфуций институтунун директору Шакирова Мавлюда сөз сүйлөп, "Кытай тил көпүрөсү" - бул кытай тилин билүү үчүн аянтча гана эмес, маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн да маанилүү мүмкүнчүлүк экендигин белгилеп, катышуучуларга конкурстун жүрүшүнөн да тажрыйба топтоп, окууларын дайыма өркүндөтүп турууну каалады.

Конкурс эки этаптан турду камтыды: тематикалык сүйлөө жана көркөм спектаклдер. Тематикалык сүйлөө этабында катышуучулар өзүнүн тил үйрөнүү тажрыйбасына таянып, кытай тилине болгон сүйүүсүн, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достукту көрсөтүү менен кытай тили менен таанышуусунун тарыхын жана окутуудан алган таасирлерин айтып беришти. Көркөм аткаруу этабында катышуучулардын көп түрдүү кытай маданиятына болгон кызыгуусун чагылдырган кытай тилиндеги ырлар, байыркы кытай стилиндеги бийлер, кытай ушусу жана башка номерлер ырааттуу түрдө көрсөтүлдү.

Комплекстүү баалоонун жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Тойчубекова Кызжибек, экинчи орунду Озгонбаева Мухлиса жана Осмонова Нурзада, үчүнчү орунду Токтомаматова Медина, Камбарбекова Райана жана Пратова Санира ээледи. Сынактын соңунда калыстар тобу жеңүүчүлөргө диплом жана белектерди тапшырды.

Катышуучу Камбарбекова Райана конкурстан кийин: "Кытай тил көпүрөсү" - бул абдан кызыктуу сынак, ал мага көп пайда алып келди жана кытай тилин үйрөнүүнү улантууга түрткү берди. Келечекте жаңы чакырыктарга дагы да кылдат даярданам",- деп ой бөлүштү.

Келечекте институт кытай тилин үйрөнүүчүлөр үчүн демонстрация жана практика үчүн ар түрдүү платформаларды түзүүнү, тажрыйба алмашуу аркылуу өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөнү, окутуу процессинде билим деңгээлин жогорулатууну жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүнү улантат.