1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

236

ЖАМУ: эл аралык кызматташуулар, өнөр жай менен билим берүү интеграциясы, жаңы стажировка базасы...

Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Вантун Гуожи Co., Ltd. эл аралык компаниясы стажировка (тренингдерди, практикалык сабактарды жана практикаларды өтүүнүн) базасын ачуу аземин өткөрдү

2026-жылы 17-мартта Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Вантун Гуожи Co., Ltd. эл аралык компаниясы стажировка базасын түзүү боюнча кызматташууга кол коюшкан. Бул келишимдин максаты - университет менен ишкананын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана өнөр жай менен билим берүүнүн интеграциясын илгерилетүүнү көздөгөн. Иш-чара Вантун Гуожи Co., Ltd. эл аралык компаниясынын офисинде өтөрүлүп,  ага КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары, ю.и.д., профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти, эмгек сиңирген юрист – Борубашев Бекбосун Ишенбекович, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор, КРнын ИАнын академиги Усенов Кеңешбек Жумабекович баш болгон ЖАМУнун жетекчилик жамааты жана Вантун Гуожи Co., Ltd.эл аралык компаниясынын өкүлдөрү - Кыргыстандын Жалал-Абад облусунун Соода-өндүрүш палатасынын төрагасы Караев Маданбек Адилбекович, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун өүлдөрү Ван Цзчянву, Лан Лон, Кыргызстан Борбор Азия маалымат агенттигинин жетекчиси Хоу Циншань, Кыргызстандын түштүгүндөгү кытайлык ишкерлер уюшмасынын катчысы У Сяонин баш болгон бир канча кытай ишкерлери катышты. Алгычкы сөздү КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Борубашев Бекбосун Ишенбекович сүйлөп, жаңы базанын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Өз сөзүндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович окуу жай Кытай компаниялары, кытайлык ишкерлер менен ар тараптуу кызматташууну улантарын белгиледи. Ван Тун эл аралык компаниясынын өкүлү Хэ Е айым ишкананын артыкчылыктарын пайдалануу менен бирге университеттин студенттерин даярдоо жана социалдык иш жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу, университет менен ишкананын ортосундагы кызматташтык үчүн мейкиндикти кеңейтүү, кадрларды тарбиялоо максатында Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Вантун Гуожи Co., Ltd. эл аралык компаниясы теңдиктин, ыктыярдуулуктун жана достук сүйлөшүүлөрдүн негизинде өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө макул болорун айтып өттү.

Ошентип, стажировка, тренингдерди, практикалык сабактарды жана практикаларды өтүүнүн базасын салтанаттуу түрдө эки тараптын коштоосунда ачылды.

       Иш-чара бардык катышуучулардын сүрөткө түшүү, жылуу баарлашуусу менен жыйынтыкталды.