1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Вантун Гуожи Co., Ltd. эл аралык компаниясы

Стажировка (тренингдерди, практикалык сабактарды жана практикаларды өтүүнүн)базасын түзүү боюнчакызматташууга кол коюлду

Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Вантун Гуожи Co., Ltd. эл аралык компаниясы ортосунда стажировка базасын түзүү боюнча кызматташууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул кызматташтык Конфуций институтунун активдүү көмөгү менен ийгиликтүү ишке ашты. Максаты - университет менен ишкананын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана өнөр жай менен билим берүүнүн интеграциясын илгерилетүү. Университет менен ишкананын ортосундагы мындай биргелешкен багыт билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы этабын белгилейт.

Модератор - Конфуций институтунун директору М.Р.Шакирова жолугушуунун маңыз-максатын түшүндүрүп, тараптарды жылуу тааныштырды. Кол коюу аземине Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Ж.Усенов, окуу проректору С.Ж.Куваков, практика башчысы Ж.Б.Шамиев, эл аралык кызматташтык департаментинин башкы эксперти Р.Ш.Фаизова, Конфуций институтунун кытай директору Цзинь Янь жана университеттин башка өкүлдөрү, Вантун Гуожи Co., Ltd. эл аралык компаниясын жетекчиси Сю Маохуа Мырза, Хы Йе айым жана ишкер Лан Мырза катышышты.

 Ректор К.Ж.Усенов кытай делегациясын урматтоо менен тосуп алды жана университет менен Конфуций институтунун өнүгүшү тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, Кытай менен Кыргызстан достук мамиледеги коңшулар жана узак убакыттан бери тыгыз кызматташтык мамиледе болуп келген. Азыркы учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу региондун экономикалык өнүгүүсүнө гана өбөлгө болбостон, жергиликтүү жаштарга такшалууга жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өнүгүүсү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ал кытай ишкерлеринин Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө активдүү катышып жаткандыгына жогорку баасын берип, чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирип, бул базаны түзүү чоң мааниге ээ экендигин айтты. Мындай багыт Кытай каржылаган ишканаларды Кыргызстанда активдүү интеграциялоо жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин өнүгүшүндө маанилүү көмөк экендигин баса белгиледи. Келечекте ЖАМУ кытай ишканалары менен кызматташтыкты чыңдоону улантарын, кытай тилин жакшы билген жана кесиптик сабаттуулугу мыкты таланттарды тарбиялоону улантарын, билим берүүнү өнүктүрүү менен өнөр жай муктаждыктарынын ортосунда дени сак өз ара аракеттенүү жана жалпы өркүндөтүү ишке ашырыла беришин айтты.