1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

Кытай Жаңы жылы – өзгөчө майрам

Кытай Жаңы жылы 2026-жылы кытай ай календары боюнча, оттуу Жылкы жылын белгилөө 17-февралда башталып, 23-февралга чейин созулду.

Бул майрам кытайдагы эң чоң майрамдардын бири болуп, материктиктин бардык булуң-бурчунда иштеп жаткан кытайлар үйлөрүнө чогуу тосуу үчүн топтолушат. Биргеликте Жаңы жылды тосуунун мааниси өтө чоң.

ЖАМУнун Конфуций институтунун окутуучулары сабактарын таштай алышпай, үйлөрүнө бара алышкан жок. Ошондуктан, Жалал-Абад областындагы бир топ ишкерлер менен биргеликте белгилөөнү туура көрүштү. Майрам “Вантун Гоци” борборунда Кыргызстандын түштүгүндөгү кытай өндүрүштүк соода-сатык палатасынын жетекчиси Шанхүй тарабынан демилгеленип уюштурулду. Программа үч бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө Конфуций институтунун жетекчилиги, жамааты областтагы кытай компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Ишмердүүлүктөгү ийгиликтер айтылып, кызматташуу маселелерин карашты. Экинчи бөлүктө институттун кезектеги жыйналышы уюштурулуп, ар бир окутуучунун маалыматы угулуп, иштеги маселелер каралды. Кытай тараптан жаңы келген директорго каалоолор айтылды. Үчүнчү бөлүктө Жаңы жылдын урматына чүчпара түйүү салты уюштурулду. Кытайлык ишкер айым Пань Фандын айтуусунда “Ушул күн эски жыл менен жаңы жылдын бириккен күнү. Мына ошондуктан элдер баары биригип, тамак жасап, бир дасторкондон даам татып, жер жүзүнө тынчтык, элдерге ынтымак каалоо керек”.

Убактысы да узак, мааниси да бийик кытайлардын Жаңы жыл майрамы бул жылы Конфуций институтунун жамааты жана кытай ишкерлери менен биргеликте татыктуу белгиленип, жылуу маанай жараткан көп учурлары менен эсте калат десек болот.