1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

Конфуций институту менен кызматташуу – ийгиликтерге мүмкүнчүлүк

Конфуций институтунун кытай тараптан келген директору Цзинь Янь кытай тили окутулуп жаткан окуу мекемелерине барып, ал жердин жетекчилиги менен таанышып, кытай тили сабактарына катышты. Өнөктөштү институттун кыргыз директору М.Шакирова өзү коштоп жүрдү жана тиешелүү тараптар менен, алардын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Цзинь Янь кытай тилин үйрөнүп жаткан ЖАМУнун чет тилдер колледжиндеги, “ЖАГУ” балдар бакчасындагы, ЖАМУнун инновациялык мектебиндеги жана Жалал-Абад эл аралык университетиндеги тил үйрөнүүчүлөр менен маек курду. Алардын көпчүлүгүнүн аз убакыттын ичинде тил үйрөнүп, атайын стипендияларга жетишкендиктерин, кытай тили боюнча республикалык, эл аралык конкурстардагы ийгиликтерин, HSK деңгээлдеринен өтүп, Кытайда стажировкадан өтүп келгендиктерин, бир топ бүтүрүүчүлөрдүн КЭРдин алдыңкы окуу жайларында бакалаврда, магистратурада окууларын улантып жаткандыктарын кызыгып сурап укту. Окуу мекемелеринин жетекчилери менен, кызматкерлери менен жылуу баарлашты. Кытай тили дагы да терең окутулушу үчүн, тил үйрөнүүчүлөр арасында жолугушуу, семинар, тегерек столдорду, кытай маданиятына байланышкан иш-чараларды өткөрүүнү, спорт оюндарын биргеликте уюштурууну колго аларын билдирди. Аталган мекемелер менен Конфуций институтунун алгылыктуу кызматташып жатканына, андагы жүрүп жаткан иштерге чын дилден кубанганын билдирди.