1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

47

Конфуций институтунда дагы бир сыйлык

Борбор шаарыбыздын Бишкек мамлекеттик университтинде Кыргызстандын 12 ЖОЖдорунун  арасында өткөрүлгөн XII "Кытай ырларынын сынагында" ЖАМУнун Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү Чырмашова Айназик 3-орунду, Таирова Луиза 4-орунду багындырышты. Иш-чаранын максаты студенттерге кытай тилин билүүсүн жана өз ара үйрөнүү, бөлүшүү платформасын түзүү болгон. Алгач, ЖАМУнун Конфуций институтунда көптөгөн тараптардын колдоосу менен сынактын тандоо туру уюштурулган эле. Сынакка 30дан ашуун студент катышып, жылуу жана таасирдүү ырларды аткарышкан: "Курт-кумурскалар учат", "Ай менин жүрөгүмдү билдирет", "Жасмин", "Жаркыраган", "Шашылыш жыл", "Шаардагы ай жарыгы", "Суудагы гүлдөр", "Мо Вэн кайтып келет", "Мен адамдар чыдайт деп үмүттөнөм", “Сүйүү үчүн"," “Жок дегенде сен барсың", "Эң сонун күтүү", "Юнси үшкүрүгү" жана башка жаштык сезимдерин чагылдырган, ар түрдүү жанрындагы кытай ырларын аткарышкан.

 Иш-чаранын жүрүшүндө институттун жетекчилиги, Кытай каржылаган ишканалардын Түштүк соода палатасынын өкүлдөрү жана ата-энелер өз каалоолорун айтышкан. Ырлар кытай тилин үйрөнүүнүн абдан эффективдүү жолу, ал студенттердин үнүнүн кооздугун гана көрсөтпөстөн, алардын кытай тилин үйрөнүүдөгү жыйынтыктарын да чагылдыра ала тургандыгы белгилешкен. Катышуучуларга сынакта өздөрүн толук көрсөтүүгө чакырышып, келечекте ыр аркылуу кытай тилин мындан ары да өркүндөтө берерине үмүттөнөрүн билдиришкен.

“Кытай ыр сынагы” студенттерге талантын жана тил билүү деңгээлин көрсөтүүгө гана мүмкүнчүлүк бербестен, Конфуций институттарынын маданий байланыш-ишмердүүлүгүн дагы күчөтүп, студенттердин өз ара достошуусуна, эл таануусуна, дүйнө таануусуна өбөлгө болуп, кытай ырларын жана кытай маданиятын андан ары түшүнүүсүнө жана сүйүүсүнө шарт түзөт.

Жараткан ийгиликтери үчүн ЖАМУнун Конфуций институтунун эмгек жамаатына, тил үйрөнүүчүлөрүнө  ыраазычылык билдиребиз!