1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

Конфуций институту Адина менен сыймыктанат 

Конфуций институту студенттерге кытай тилин үйрөтүп гана тим болбостон, аларга Кытайга барып билимин жогорулатууга да чоң салымын кошуп келет. Учурда Кытайда окуп жаткан студенттерибиз бир топ. Алар окуудан, иш-чаралардан көптөгөн ийгиликтерди жаратып, бизди кубантып, институтубузга сыймык алып келип жатышат. Ошолордун ичинен Шинжандын (新疆) Шинжанг педагогикалык университетинде магистратурада окуп жаткан студентибиз Алтымышова Адина сынака катышып, алдыңкы орунду ээлеген. Соң 2025-жылдагы Кытай университеттер аралык 4- Улуттук коллегиясынын санариптик соода комплекстүү инновация жана ишкердик сынагында мыкты көрсөткүчкө ээ болуп, финалга өтүп, 2025-жылдын 26-27-28-сентябрында кытайдын Хаңжоу (杭州) шаарынын Жыжиаң(浙江大学) университетинде болуп өткөн сынакта Алтымышова Адина (капитан башчы) командасы менен үчүнчү орунду ээлеген. Эскерте кетсек, Адина Алтымышова ЖАМУнун Эл аралык укук - кытайтаануу адистигин бүтүрүп, Шанхайда кытай тили боюнча стажировкадан өтүп, учурда Шинжанг университетинде магистратурада окуп жатат. Буга чейин да дүйнөлүк "Кыска метраждуу ролик" конкурсуна катышып, 1-орунду утуп алган эле. Адинага бекем ден соолук, окууларында ийгиликтерди каалайбыз! ЖАМУнун Конфуций институту Адина сыяктуу мыкты тил үйрөнүүчүлөрү менен чексиз сыймыктанып келет.