1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 год назад

84

КОНФУЦИЙДЕ "ЧИЛДЕ МАЙРАМЫ"

ЖАМУнун Конфуций институтунда "Чилде майрамы" өиткөрүлдү.  Кытай эли 21-декабрды эң кыска күн, эң узун түн деп белгилешип, суукта кулактар тоңбосун деген ниетте чүчпара түйүү ( чүчпараны кулакка окшоштуруп түйүү) майрамын белгилешет. Кыргыз эли бул күндү чилде түштү деп эсептешет. Жалпылап айтканда, эки элдин тең табият кубулуштарына болгон түшүнүктөрү,   мамилеси, көңүл буруусу окшош. Мындай көрүнүштөр жылдын төрт мезгилинен кездешет. Мына ушундай  мезгил майрамына Конфуций институтунун жамааты   "Жыл жыйынтыгы" иш-чарасына келген бардык конокторду, студенттерди, окуучуларды чүчпара түйүүгө, аны бышырып чогуу жеп, бири-бирине жакшы каалоо-тилектерди айтууга чакырды. Иш-чара ПФнын ашканасында болуп, келген коноктор процесске катышышты. Чай үстүндө жылуу маек курулду.

Конфуцийдин жетекчилигинин билдирүүсүндө, улуу-кичүү биргеликте чогуу тамак жасоо ынтымакты, түшүнүүчүлүктү күчөтөт.