КОНФУЦИЙДЕГИ "ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫКТОО" САЛТАНАТЫ
2023-жылдын 23-декабрында ЖАМУнун Конфуций институтунун жылды жыйынтыктаган "Жылдын мыктылары", "Хуажу" стипендиясын тапшыруу иш-чаралары болуп өттү. Бул салтанатка Конфуций институтунун Башкаруу советинин председатели К.Ж.Усенов баш болгон ЖАМУнун жетекчилер коллегиясы, Түштүк өнөр жай-соода палатасынын президенти, Бишкектеги "Хуажу" борборунун жетекчиси Джуо Лиянфа, аталган палатанын вице-президенти, Жалал-Абад металлургия заводунун башчысы
Минсинь Ли Сиянтуан баштаган деллегация, кытай тили окуу пунктары жайгашкан окуу мекемелеринин директорлору, ЖАМУнун кытай тили адистигинин студенттери, кытай тили окуу пунктуларынын жана HSK курстарынын тил үйрөнүүчүлөрү, алардын ата-энелери катышты.
Иш-чара Конфуций институтунун ишмердүүлүгүн, КЭРдин жогорку окуу жайларында стажировкада окуп жаткан студенттердин видео-слайддары менен башталды. ЖАМУнун ректору К.Ж.Усенов салтанатты ачып жатып, Кытай-Кыргызстан достук мамилелеринин күндөн-күнгө бекемделип жатканына, билим берүү жана илим, маданий, экономикалык байланыштар күчөп, жаштар үчүн көп мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканына бир нече фактылар менен токтолуп өттү. Сөзгө чакырылган институттун жетекчилери Фу Хунжүн жана М.Шакирова бир жылдын ичиндеги аткарылган иштердин урунттуу учурларына токтолуп кетишти.
"Хуажу" борборунун жетекчилери кытай тилин мыкты үйрөнүп жаткан 20 тил үйрөнүүчүгө 200000 сом стипендиясын тапшырышты. Аталган стипендия жыл ичинде кытай тилин мыкты өздөштүрүп жаткандарды колдоо максатында уюштурулган.
Иш-чараны кытай музыкалык аспабын ойногон, кытай ыр-бийлерин өздөштүргөн студенттердин өнөрлөрү коштоп турду.