КЭР, ПРОФЕССОР К.Ж.УСЕНОВДУН КЫТАЙДАГЫ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫНДА ОКУГАН ЛЕКЦИЯСЫ
ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, КРнын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, КРнын Инженердик академиясынын жана Евразия тоо-кен академиясынын академиги, Эл аралык Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти (Москва), Синьцзян университетинин Ардактуу профессору К.Ж.Усенов КЭРдин Жогорку окуу жайынын кызматкерлерине, студенттерине "Кендерди айкалыштырып иштетүүнүн азыркы абалы жана перспективалары" деген темада илимий баяндама жасады.
Профессордун баяндамасы 3 чоң бөлүктөн туруп, 1-бөлүгүндө "Менин Кыргызстаным" деген темада презентация жасап, анда Кыргызстандын баалуулуктары, каада-салт, кооз жерлери, ж.б.жөнүндө кеп курду. 2-бөлүгүндө "ЖАМУ - Кыргызстандагы түптүү окуу жайы: кечээгиси, бүгүнкүсү, эртеңкиси" тууралуу маалымат берди. 3-бөлүгүндө тоо-кен илими багытында илимий лекция окуду. Лекцияга 700дөй угуучу катышып, кызыгып угуп, суроо-жооп болуп, өз каалоо-ойлорун ортого салышты. Лектор өз сөзүндө Конфуций институтунун эки окуу жайдын - Синьцзян университети менен ЖАМУнун ортосундагы байланыштардын ар тараптан чыңдалышына кошуп жаткан салымын баса белгиледи.
К.К.Усеновго профессор катары КЭРдин ЖОЖдорунда мезгил-мезгили лекция окууга, илимий иштерди жүргүзүүгө атайын шарттар түзүлөрүн Синьцзян университетинин парткомунун секретары өз сөзүндө белгилеп өттү.