КОНФУЦИЙДЕ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
2024-жылдын 24-декабрында ЖАМУнун Конфуций институту жылды жыйынтыктап, жыл ичинде жакшы окуп, мыкты ийгиликтерге жетише алган тил үйрөнүүчүлөргө Кыргызстандагы “Кытай тилин колдоо” борборунун стипендиясын тапшыруу аземин ийгиликтүү өткөрдү. Иш-чарага Кыргызстандын түштүк соода палатасынын төрагасы, Бишкектеги “Кытай тилин колдоо” борборунун орун басары Чжо Лян Фа мырза жана кытай компанияларынын өкүлдөрү келишти. Институттун кытай директору Фу Хунжүн жана кыргыз директору Мавлюда Шакирова уюштуруунун башында турушуп, институттун жалпы тил үйрөнүүчүлөрүнүн, окутуучулардын жана ата-энелердин катышуусун камсыздашты.
Өз сөзүндө институттун кыргыз директору Мавлюда Рысбаевна “Кытай тилин колдоо” борборуна терең ыраазычылык билдирди. Конфуций институтунун бир жыл ичиндеги ийгиликтерин белгилеп, кытай тили – Кытай менен Кыргызстан ортосундагы маданий алмашуунун булагы экендигин баса айтты. Көптөгөн студенттер кытай тилин үйрөнүү аркылуу Кытайда билим алуу кыялдарын ишке ашырышканын, учурда бир топ студенттер Пекин, Шанхай, Синьцзян, Гуанчжоу жана Чэнду сыяктуу ири шаарларда билим алып жатышканына токтолуп өттү. Сөзүнүн аягында студенттердин кытай тилин жакшы үйрөнүшүн каалап, алар да ошол студенттердей өз каалоолоруна толук жете алышына ишеним берди.
Чжо Лян Фа мырза өз сөзүндө Бишкектеги “Кытай тилин колдоо” борбору жана Синьцзян соода палатасы эл аралык кытай тилин окутууга дайыма көңүл буруп, ЖАМУнун Конфуций институтунда кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерге жардам көрсөтүп келгенин белгиледи. Ал кытай тилин үйрөнүүчүлөргө жардам берүү аркылуу студенттердин кытай тилин жакшы үйрөнүп, Кытай менен Кыргызстан ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө салым кошооруна тилектештигин билдирди. Мындан ары да Конфуций институту менен кызматташтыкты күчөтүүнү улантып, студенттерге ар тараптан колдоо көрсөтөрүн айтып кетти..
Иш-чаранын жүрүшүндө жыйырма студентке 10000 (он миң) сомдон стипендия тапшырылды. Стипендия алган студенттердин ичинен Фатима өз оюн билдирди: "Конфуций институтундагы окуу мага кытай тилин үйрөнүүгө жана Кытайды тереңирээк түшүнүүгө жардам берди. Мен келечекте Конфуций институтунун ар кандай иш-чараларына активдүү катышып, келерки жылы Кытайга билим алууга баруу үчүн аракет кылмакчымын. Мен мугалимдеримдин кесипкөйлүгү жана чыдамдуулугу үчүн ыраазычылык билдирем". Ушул тариздеги ой-пикирлерин бир топ студенттер, алардын ата-энелери да билдиришип, жаштар үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөрдү уюштуруп, ар тараптан колдоп жаткан институттун жетекчилерине терең ыраазычылыктарын ачык айтышты.
Азем учурунда студенттер кытай ырлары жана бийлери менен катар гуджын аспабында ойноп беришти. Институттун кытай директору Фу Хунжүн Чжо Лян Фа мырзага институттун атынан ыраазычылык катын тапшырды.
Конфуций институтунун Кыргызстандагы кытай партнерлору менен иш алып баруусу институттун өсүп-өнүгүшү, андагы тил үйрөнүүчүлөргө камкордук жана келечекте Кытай менен Кыргызстан ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө кошуучу салымы болуп кала берет.