КЫТАЙ МАДАНИЙ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАМУнун жаңы администрациялык имаратында Конфуций институтунун кытай маданий борбору ачылды. Мында “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде, эки мамлекеттин өлкө башчыларынын жетекчилигинде кыргыз, кытай кызматташуусу чагылдырылган. Кытайдын ойчулу Конфуцийдин ойлору берилип, билим берүү тармагында ЖАМУ менен Синьцзян университетинин ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн Конфуций институтунун ийгиликтерине да басым жасалган. Борбордон кытай маданиятына тиешелүү буюм-тайымдар – музыкалык аспаптар, улуттук кийимдер, спорт оюндарына тиешелүү эмеректер, кытай искусствосун чагылдырган сүрөттөр орун алган.
Мындан сырткары, Конфуций институтунун ар кандай иш-чараларын – тегерек стол, семинар, сынактар, концерт, театр ж.б. өткөрүүгө да шарттар каралган.
Келечекте бул борбордун кеңейтилиши боюнча пландар иштелип чыгууда – дейт Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Мавлюда Шакирова.