ДҮЙНӨЛҮК СЫЙЛЫК ДАГЫ БИЗГЕ ЫЙГАРЫЛДЫ
Кытай Эл аралык тестирлөө жана Цинхуа университетинин Түштүк-Чыгыш Азия борбору уюштурган “Кыска мөөнөттүү видеотасма HSK” дүйнөлүк конкурсунду 1-орунду утуп алгандыгы үчүн Конфуций институтунун HSK-5 группасынын тил үйрөнүүчүсү Шабидинова Айдай 1-орунду тастыктаган сертификат менен сыйланды. Ушул эле конкурска катышып, мыкты мотивация жараткандыгы үчүн HSK-5 группасынын тил үйрөнүүчүсү Төрөбекова Каныкей атайын сертификат менен сыйланды. Институттун аталган мыктыларын дүйнөлүк конкурска татыктуу даярдагандыгы үчүн ЖАМУнун Конфуций институту ыраазычылык сертификатын алды.
Шабидинова Айдай Конфуций институтунда окуп жаткан аз аралыктын ичинде тил гана үйрөнбөстөн кытайдын музыкалык аспабы гуджынды да үйрөнүп алган. Бул музыкалык аспапты кытайдан келген профессионал музыкант Лю Дань үйрөтүп жатат. Учурда бир канча студенттер атайын ийримге жазылышкан.
Эске салсак, 2022-жылы “Глобус – 2022 “Кытай көпүрөсү” дүйнөлүк конкурска ЖАМУнун эл аралык укук-кытайтаануу адистигинин студенти Алтымышова Адина катышып, 1-орунду утуп алган эле.