1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

121

ЖАМУнун активдүү жаштары улгайган инсандарга социалдык жардам көрсөтүштү

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин активдүү жаштары тарабынан Манас шаарында каттоодо турган улуу муундагы жарандарга социалдык жардам көрсөтүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — улуу муундун өкүлдөрүнө урмат-сый көрсөтүү, аларга камкордук кылуу менен бирге жаштарды боорукердикке, адамгерчиликке жана коомдук жоопкерчиликке үндөө.

Акциянын алкагында ЖАМУнун активдүү жаштары тарабынан социалдык пакеттер даярдалып, Манас шаарында каттоодо турган кары-картаң жарандарга үйлөрүнө барып тапшырылды. Жаштар карыялардын ал-акыбалынан кабар алып, алар менен баарлашып, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

Мындай иш-чаралар улуу муунга колдоо көрсөтүү менен гана чектелбестен, муундар аралык байланышты бекемдөөгө, жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

ЖАМУнун жаштары коомдук маанилүү демилгелерди колдоп, кайрымдуулук жана волонтёрдук багыттагы иш-чараларга активдүү катышып келет. Бул саамалык да университеттин жаштар саясатынын алкагында коомго пайдалуу иштерди жүргүзүүнүн маанилүү үлгүсү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуу муундун өкүлдөрү жаштарга ыраазычылыгын билдирип, ак баталарын беришти.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун жамааты бардык улуу муундун өкүлдөрүн Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо жана үй-бүлөлүк жылуулук каалайт!