1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети

Жаштар комитети

Адилет

Жаштар иштери боюнча адис, жаштар комитетинин төрагасы

Телефон:

Туулган күн:

February 14, 1997

Каттоодон өтүү:

02.10.2023

Акыркы кириш:

2 года назад

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАШТАР КОМИТЕТИ

ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАШТАР ИШТЕРИ БОЮНЧА КОМИТЕТИ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар иштери боюнча комитети (ЖИК) — бул университеттеги жаштардын демилгелерин колдогон, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон, мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруучу структуралык бөлүм болуп эсептелет. Комитет өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамына, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына жана ЖАМУнун Уставына ылайык жүргүзөт. ЖИК коммерциялык эмес уюм болуп саналат жана ЖАМУнун администрациясынын макулдугу менен каржыланат.

ЖИКтин негизги максаты — жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, коомдук жашоого активдүү катышуусуна шарт түзүү, алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жана мамлекеттик жаштар саясатын университеттин алкагында ишке ашыруу.

Жаштар иштери боюнча комитеттин ишмердүүлүгү төмөнкү негизги багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу;
  • «Кыргызстандын жаштары» улуттук программасын аткарууга салым кошуу;
  • Студент жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
  • Жаштардын интеллектуалдык, руханий жана патриоттук деңгээлин жогорулатуу;
  • Моралдык жана социалдык жактан колдоого муктаж студенттерге жардам көрсөтүү;
  • Ыктыярчылык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана социалдык долбоорлорду колдоо;
  • Эл аралык кызматташтыкты жана жаштар уюмдары менен байланыштарды кеңейтүү;
  • Фестивалдар, форумдар, конференциялар, акциялар жана башка иш-чараларды өткөрүү;
  • Жаштардын сергек жашоо образын жана жарандык жоопкерчилигин бекемдөө.

ЖАМУнун Жаштар иштери боюнча комитетинин түзүмү:

  • Төрага;
  • Орун басар;
  • Жооптуу катчы;
  • Мектеп парламенти;
  • Студенттик кеңеши;
  • Ыктыярчылар тобу жана активисттер.

Комитеттин ишин жалпы төрага жетектейт. Ал ректордун буйругу менен дайындалат жана ЖИКтин ишмердүүлүгүнө толук жооп берет. ЖИКтин башкаруу органы болуп төрага жана университеттин жаштар менен иштөө кеңеши саналат. Төрага, орун басар жана катчы өз милдеттерин так бөлүштүрүп, факультеттердеги жаштар комитеттеринин жана студенттик кеңештердин ишин координациялап турушат. Ар бир факультеттик комитет жаштардын демилгелерин колдоо, иш-чараларды уюштуруу жана отчет берүү боюнча жооптуу болуп саналат. Жаштар иштери боюнча комитети ар бир студентке университеттик коомдук турмушка аралашуу, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү, өз демилгесин ишке ашыруу жана өзүнүн үнүн угузуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Байланыш маалыматы: Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси, башкы корпус, Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Усенов Адилет Алимжанович.  Манас шаары, Роза Азимова көчөсү, 49

📞Телефон: +996779 282 196

📧 Email: rector@jagu.kg (ausenovv@mail.ru)

📷 jagu_kg_