1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР: «ЕВРАЗИЯ» МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОР ТАЛКУУЛАНДЫ

8-апрель күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун делегациясы расмий иш сапары менен келди. Жолугушуунун алкагында студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Жолугушууга ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кенешбек Усенов жана «Евразия» АКУнун фондунун директору Кымбат Урумкулова катышып, эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары каралды. Негизги басым жаштардын демилгелерин колдоого, билим берүү программаларын өнүктүрүүгө жана маданий байланыштарды чыңдоого жасалды. Ректор Кенешбек Усенов өз сөзүндө мындай кызматташтык университеттин өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгилеп, ал студенттердин сапаттуу билим алуусуна жана кесиптик жактан өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн билдирди. Өз кезегинде Кымбат Урумкулова ЖАМУнун интеллектуалдык потенциалын жогору баалап, уюм тарабынан студенттердин чыгармачыл жана коомдук демилгелерине колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана алдыдагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул өнөктөштүк студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, билим берүү чөйрөсүнүн өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.