1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

ЖАМУда СТУДЕНТТЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА АНОНИМДҮҮ СУРАМЖЫЛОО ӨТТҮ

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун демилгеси менен студенттердин укуктарын коргоо багытында анонимдүү сурамжылоо өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты жогорку окуу жайларындагы студенттердин укуктарынын мүмкүн болгон бузулууларын аныктоо, ошондой эле алардын өз укуктарын коргоо механизмдери тууралуу маалымдуулук деңгээлин баалоо болду. Сурамжылоонун жыйынтыгында алынган маалыматтар студенттердин укуктарын коргоо жаатындагы билим берүү шарттарын жакшыртууга жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгууга багытталат.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө университеттин жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштуруучулук жана координациялык колдоо көрсөтүлүп, студенттердин активдүү катышуусу камсыздалды. Бул демилге студенттердин укуктарын коргоону күчөтүүгө, алардын жарандык аң-сезимин жогорулатууга жана билим берүү чөйрөсүндө ачыктыкты камсыздоого өбөлгө түздү.