1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

ЖАМУда СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА АКТУАЛДУУ ТЕМАЛАР БОЮНЧА ДЕБАТ ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жаштар иштери боюнча комитеттин алдындагы Студенттик кеңеш тарабынан институттар жана колледждердин студенттеринин катышуусунда дебат оюну уюштурулду. Иш-чаранын алкагында катышуучулар төмөнкү актуалдуу темалар боюнча өз ара талкуу жүргүзүштү:

«Интернет эркин болушу керекпи?»

«Интернет жана жоопкерчилик»

«Мектептерде телефондорду колдонууга уруксат бериш керекпи?»

«Окуучулар үчүн социалдык тармактарды колдонууга чектөө киргизүү керекпи?»

Дебат учурунда студенттер өз ойлорун негиздүү далилдер менен билдирип, ар түрдүү көз караштарды салыштырып, жигердүү талкуу жүргүзө алышты. Иш-чара интеллектуалдык атаандаштык жана пикир алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп берди. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен мыкты деңгээлде катышкан үч команда жеңүүчү деп табылды. Алар ораторлук чеберчилигин, лидерлик сапаттарын өнүктүрүп, өз позициясын жүйөлүү коргоо көндүмдөрүн бекемдей алышты. Мындай иш-чаралар студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, жарандык активдүүлүгүн арттырууга жана заманбап коомдук маселелерге кайдыгер карабоого өбөлгө түзөт.