1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жарнама

4 дня назад

13

Заманбап мугалим – сапаттуу билим берүү” форумуна чакырабыз

Урматтуу Манас шаарынын жаштары, жаш мугалимдер жана студенттер!

Сиздерди “Кыргызстан Жаштар Кыймылы” жана Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жаткан “Заманбап мугалим – сапаттуу билим берүү” форумуна чакырабыз.

Эгерде сиз интеллектуалдык, социалдык жана инновациялык потенциалыңызды өнүктүрүп, өз кесибиңиздин мыкты адиси болуп, келечек муунга салым кошууну кааласаңыз — бул аянтча дал сиз үчүн!

Форумдун алкагында:

жаш адистер арасында тажрыйба алмашуу;

жаңы идеяларды талкуулоо;

заманбап мугалим болууга багыт берүү;

интерактивдүү тренингдер;

мастер-класстар;

кесипке байланыштуу кызыктуу оюндар уюштурулат.

Сиз мугалим болууну кыялданып жатасызбы? Же бул кесипке жаңыдан кадам таштадыңызбы? Анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Тажрыйбалуу адистерден кеңеш алып, жаңы идеялар менен билим берүү жолунда өнүгүүгө кадам таштаңыз.

📍 Дареги: Жалал-Абад мамлекеттик университети

📅 Күнү: 9-апрель

🕙 Убактысы: саат 10:00