1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

134

ЖАМУнун студенттери “Нооруз-2026” майрамдык иш-чарасына активдүү катышууда

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Жалал-Абад облусунда өтүп жаткан “Нооруз–2026” майрамына активдүү катышып, анын жогорку деңгээлде уюштурулушуна салым кошууда. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, улуттук маданиятты даңазалоого жана Нооруз майрамынын маани-маңызын кеңири жайылтууга өбөлгө түздү. ЖАМУ ар дайым коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катышып, жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошуп келет.

Саамалыка университеттин атынан 18 жаштан жогору 150 студент тартылып, концерттик программасына катышуу үчүн даярдык жүрпүп жатат.

ЖАМУ жыл сайын Нооруз майрамына өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасап, анын мазмунун байытуу жана элге көтөрүңкү маанай тартуулоо максатында активдүү катышып келет. Бул жолку “Нооруз–2026” да университет жамаатынын биримдигин, чыгармачылыгын жана коомдук активдүүлүгүн дагы бир ирет даана көрсөтүүдө.